Чуй облусуна караштуу Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтү мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципиалдык кызматтын административдик кызмат орунуна кадрлардын резервине кирүү үчүн
АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:
Компьютердик технология жана иш кагаздар боюнча адис (Кенже кызмат – М-Б)
- Кесиптик билимдин деңгээли :
-жогорку же болбосо орто кесиптик билим.
2) стажы жана иш тажрыйбасы:
-иш стажысына талаптар коюлбайт.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү
төмөнкүлөрдү билүү зарыл
Жалпы мыйзам актылары:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
Предметтик мыйзам актылары:
- Кыргыз Республикасынын “жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августунда №43 чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси
Сынака катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:
- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз;
- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- кадрлар боюнча өздүк баракча сүрөтү менен
- илимий даражаны жана илимий наамды бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү
- паспорттун көчүрмөсү
Документтер 13-сентябрдан баштап 26-сентябрга чейин Сокулук районуна караштуу Фрунзе айыл өкмөтүндө саат 17:00 го чейин кабыл алынат.
Сурап билүү телефону : 0313466295. 070692408