Баткен облусунун,Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн башкы, улук жана кенже административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторуна сынак жарыялайт.
1.Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
- Кесиптик билимдин денгээли:
-тиешелүү багыттагы жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык
башкаруу,Юриспруденция,Финансылык экономикалык,Айыл чарба,
Ветеринардык ,Гуманитардык,Табигый илимдер,Техникалык ,Курулуш
Энергетитка тармактарында)
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана же муниципалдык кызмат стажы же тиешел кесиптеги чойродогу 5 жылдан кем эмес иш стажы ;
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
-төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”Кыргыз
Республикасынын Конституциялык Мыйзамы
-Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси ;
-“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы ;
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
-“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө “Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы ;
“Кызыкчалыктардын кагылышы жөнүндө”Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
-Коррупцияга каршы аракеттенүү”жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июнундагы №517
токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын
жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
-Кыргыз Республикасынын Жер кодекси
-Кыргыз Республикасынын”Жергиликтүүмамлекеттик администрация жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө
-“Жайыттар жөнүндө”
-“Билим берүү жөнүндө”
-“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”
-Кыргыз Республикасынын”Ички жер которуу жөнүндө”
-Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”
-Кыргыз Республикасынын”Мамлекеттик тили жөнүндө “мыйзамдары
-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын
ротациялоо тартиби жөнүндө”Жобосу
-“Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык
кызматынын кадрлар резервин тузүүнүн иштешинин тартиби жөнүндө”
Жобосу
-билгичтиги:
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо;болжолдоо;жалпылоо;мониторинг жүргүзүү;контролдоо жана аларды чечүүдө жаны ыкмаларды интеграциялоо;башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу ; кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкунчүлүктөрдү издөө;өзунун ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;ведостволор аралык өз ара аракеттенүү;чыр чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
-көндүмдөрү;
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу ;түзүмдүк бөлүмду башкаруу(баш ийген кызматкердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү;мамлекеттик органдын жетекчилигин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү,башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо,кабыл алуу жана ишке ашыруу ,иштин жаны формаларын жана методдорун издөө); маалыматты талдоо,системалаштыруу жана жалпылоо;ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү,иштиктүү этикеттин,кенешмелерди ,жолугушууларды өткөрүүнүн элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү;мамлекеттик жана расмий тилдерди иштиктүү кат алышуу компьютердик жана уюштуруу техникасын зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү
Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар :
Кесиптик билиминин денгээли :
-жогорку билим (Геодезия жана жерге жайгаштыруу ,Архитектура жана курулуш адистиктери боюнча ,Юриспруденция,Финансылык экономикалык багыттары боюнча ,Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу ,Айыл чарба Ветеринардык,Гуманитардык,Педагогикалык,Техникалык айыл чарба багыттары боюнча )
Иш стажы жана тажрыйбасы :
-жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Кесиптик компетенттүүлүгү :
төмөнкүлөрдү билүүсү :
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы
-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык
кызмат жөнүндө” мыйзамы
-“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
-“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
-Кыргыз Республикасынын Жер кодекси
-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар
жөнүндө”
-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”
-Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө “
Кыргыз Республикасынын”Жарандык коргонуу жөнүндө”
Билгичтиги:
-Жогорку турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу
-мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу
-эмгектин жаны шарттарына көнүү
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү
Көндүмдөрү :
-Ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада
колдоно билүү
-Компьютердик жана уюштуруу техниканы ,керектүү программалык
продуктыларды колдоно билүү
Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орунуна коюулуучу квалификациялык талаптар :
Кесиптик билиминин денгээли :
-жогорку билим же орто кесиптик билим –Финансылык экономикалык багыттары боюнча,Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу Юриспруденция,Айыл чарба,Ветеринардык,Гуманитардык,Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика багыттары боюнча
Иш стажы жана тажрыйбасы :
-Иш стажына талап коюлбайт
Кесиптик компетенттүүлүгү :
төмөнкүлөрдү билүүсү :
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
—Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдына башкаруу жөнүндө”
-“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
— “Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик салып алуулар жөнүндө “
Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”
Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү
Көндүмдөрү :
-Ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада
колдоно билүү
-Компьютердик жана уюштуруу техниканы ,керектүү программалык
продуктыларды колдоно билүүсү
Конкурстук документтер :
1.Конкурстук комиссиянын төрагасына арыз
2.Кадрларды каттоо баракчасы ,өздүк делосу
3.Резюмеси
4.Өмүр баяны
5.3х4 өлчөмүндөгү эки даана сүрөт
6.Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт )
7.Нотариустан тастыкталган эмгек китепчесинин көчүрмөсү
8.Нотариустан тастыкталган дипломдун көчүрмөсү
Конкурстук документтер жарыяга чыккан (жарыя берилген) күндөн баштап 10 күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн конторасында кабыл алынат .
Маалымат үчүн тел : 03622 6-04-23, 0770514663