Сузак районуна караштуу Курманбек айылдык өкмөтү башкы,улук жана кенже кызмат орундары боюнча кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт
БАШКЫ КЫЗМАТ ОРУНУНА
ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим бардык профилдеги багыттар боюнча.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;
Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
– Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары
жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын
жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган
маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120
токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
типтүү нускама”
КӨНДҮМДӨР:
- Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- -компютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продукталарга (ворд,экзел) ээ болуу;
УЛУК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА
ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим бардык профилдеги багыттар боюнча.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем Эмес иш
стажы;
Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”
- КӨНДҮМДӨР:
- -Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон денгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
- -компютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продукталарга (ворд,экзел) ээ болуу;
КЕНЖЕ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА
ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку же атайын орто кесиптик билим бардык профилдеги багыттар боюнча.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Стажына карата талап коюлбайт;
Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
КӨНДҮМДӨР:
- Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- -компютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продукталарга (ворд,экзел) ээ болуу;
КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР
ТАПШЫРЫЛАТ:
- Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз;
- Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
- Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтерди көчүрмөлөрү (бар болсо);
- Паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2023-жылдын 16-августунан 30-августуна чейин жүргүзүлөт.
Дареги: Жалал-Абад областы,Сузак району, Курманбек айыл өкмөтүнүн имараты 12-кабинет байланыш телефону: 0778-66-30-80