Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын Базар-Коргон райондук ветеринардык башкармалыгы улук жана кенже административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт. Административдик кызматтардын бардык топтору учун Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word Ехсе1, жана башка программалар). Компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө: Ыктуулугу: текст, графика жана таблица түрүндөгү редакторлор менен иштөө; файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө (кайрадан ат коюу, көчүрүү, кыймылдатуу, жок кылуу жана калыбына келтирүү); сырттагы перифериялык жабдууларды кошуу; дисктеги мейкиндикти тазалоо (архивин түзүү); Компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (Интернет, эл.почта ж.б.); Ыктуулугу: электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү; издөө системаларын пайдалануу; ар түрдүү браузерлер менен иштөө. Кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен социалдык түйүндөрдө бири-бирине сыпайы мамиле менен аракеттенүү. Маалыматтардын чоң көлөмү менен иш жүргүзүү: жацы маалыматты түзүү жана иштеп чыгуу. Улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтуу нускама. Кесиптик билим денгээли: айыл чарба багытындагы жогорку билим; Иш тажрыйбасы жана стажы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөндөгүлөрдү билүү (Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары, ошондой эле, тиешелүү тармактагы мыйзамдар): – КР “Ветеринария жөнүндө” Мыйзамы; – КР “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Мыйзамы; – КР “Ишкердиктин субъектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамы – КР “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукталарды идентификациялоо жөнүндө” Мыйзамы. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгүдөй квалификациялык талаптар белгиленет. Кесиптик билим денгээли: айыл чарба багытындагы жогорку билим; Иш тажрыйбасы жана стажы: иш тажрыйбасы талап кылынбайт Кесиптик компетенттүүлүгү жалпы мыйзамдар. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар. – КР “Ветеринария жөнүндө” Мыйзамы; – КР “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Мыйзамы; – КР “Ишкердиктин субъектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамы – КР “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукталарды идентификациялоо жөнүндө” Мыйзамы. Кенже административдик бош кызмат ордуна Кесиптик билим деңгээли: Ар кандай профилдеги жогорку кесиптик билим; Эмгек стажы жана иш тажырыйбасы: Эмгек стажы талап кылынбайт. Жалпы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар Кыргыз Республикасынын “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы Жеке сапаттар Ишкердик жазуу көндүмдөрү –Белгилүү бир чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, жаңы болгон көйгөйлөрдү чечүү ыкмалары; -ишкер баарлашууну жана кеңешмелерди,жолугушуларды өткөрүүнүн ыкмалары. -компьютердик жана башка орг. техникаларды башкаруу. Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди делого тиркеп тапшыруу керек (делонун сыртына толук аты-жону, байланыш номерлери, электрондук почта дареги көрсөтүлсүн): -Жеке арыз; -паспорттун көчүрмөсү; -резюме (сүрөтү, электрондук почтаны көрсөтүү менен); өмүр баяны; -соттолбогондугу тууралу маалымат -нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү; -нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); . илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо). Дареги: Базар-Коргон району, Базар-Коргон шаары, Б. Осмонов көчөсү №76 (Базар-Коргон райондук ветеринардык башкармалыгы) Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2023-жылдын 25-сентябрынан 5-октябрынын саат 17-00 гө чейин кабыл алынат. Жарыя mkk.gov.kg жана gvfi.gov.kg сайттарына илинет. Сурап-билүү телефону: (03736) 5-00-97 Эскертуу: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Чаткал райондук ветеринария башкармалыгы мамлекеттик кызматтын улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрдык резервге кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.