Кенже административдик кызмат ордуна: -инвестиция тартуу жана курулуш маселелери боюнча жетектөөчү адис Коюлуучу квалификациялык талаптар: Кесиптик билимдин деңгээли: — тийиштүү багыттагы жогорку билим; Иш стажы жана тажрыйбасы: — иш-стажына талап коюлбайт. Ошондой эле мыйзамдарды билүүсү: 1)”Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө” мыйзамы; 2) “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” мыйзамы; 3) “Суу жөнүндөгү” мыйзамы. Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: — Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы; — кадрлардын каттоо баракчасы; — 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт; — Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт) — жогорку билиминин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек); — эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек); — соттолбогондугу жөнүндө аныктама; -өмүр баяны; -резюме. Документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) календарлык күндүн ичинде Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын №3 кабинетинде (жалпы секторунда) Чолпон-Ата шаары Совет көч №1 дарегинде кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар: (03943) 4-33-16,4-28-28. Жазуулар боюнча багыттоо Балыкчы шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик кызматтардын улук жана кенже тайпаларына кадр резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт. Тоӊ райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт