2024-жылдын 17-сентябрынан 11-октябрына чейин онлайн түрүндө, 14-октябрынан 14-декабрына чейин Японияда англис тилинде өтө турган «Facility Cultivation Techniques of Vegetable for Market-Oriented Value Addition, Production Stability and Increase» курс боюнча жалпы маалымат

Талапкерлер арызын Финансы министрлигине тапшыруусу кажет, арыз тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 5-июль, 2024-ж. * узартуу мүмкүнчүлүгү жок

Талапкерлер жалпы маалымат китепчесин кунт коюп окуп чыгып, андан кийин төмөнкү документтерди чогултушу жана толтурушу керек:

Арыз формасы
Сурамжылоо
Жалпы жарандык паспорттун көчүрмөсү
Англис тили деңгээлин тастыктоочу сертификаттын көчүрмөсү (эгер бар болсо)
Сунуш каты
Сиздин уюмдан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин дарегине жазылган коштомо кат (уюмдун расмий бланкында датасы, чыгыш номери, кол тамгасы жана уюмдун мөөрү көрсөтүлүшү керек)

Андан кийин, документтерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин төмөндөгү кызматкерине ТҮЗДӨН-ТҮЗ КОЛУНА тапшырууңузду суранабыз:

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

— Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 58

— Эл аралык кызматташуу башкармалыгы

— Утуров Мурас — (0312) 625313 (2223)

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине документтерди тапшыруу тууралуу бардык суроолор боюнча жогорудагы номерге кайрылсаңыз болот.

 

Тиркемеде:

Курс боюнча жалпы маалымат китепчеси   (жүктөө үчүн бул жерди басыңыз  ↘ )
Арыз формасы жана Сурамжылоо  (жүктөө үчүн бул жерди басыңыз ↘  ↘  )
Арыз формасынын орус тилине котормосу (арыз англис тилинде толтурулушу керек, орусчасы маалымат үчүн гана тиркелди)   (жүктөө үчүн бул жерди басыңыз ↘  )
Сунуш каттын формасы   (жүктөө үчүн бул жерди басыңыз ↘ )