“Сынамык тест”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкару иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык административдик кызмат орундарынын ички резервине кирүүнү максат кылгандар жана жөн гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тууралуу билимин сынап көрүүнү каалагандар тесттен өтүп, өз мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүүлөрүнө жеңилдетилген шарт түзүп берүү максатында электрондук (онлайн) пилоттук тартипте “сынамык тест” иштеп чыккан.
“Сынамык тестен” өтүү үчүн атайын бир жерге убакыт, каражат коротуп баруунун кажети жок. Иштен, үйдөн, көчөдөн деле сынамык тестен өтө аласыз. Ал үчүн болгону интернет жана колуңузда ага чыгуучу техникалык каражаттар болуусу гана жетиштүү.
Тактай кетчү жагдай “Сынамык тест” менен Агенттиктен сынактан өтүүдөгү тестин мыйзамдар боюнча суроолору айырмаланат.
Аталган тест Агенттиктин (https://mkk.gov.kg) сайтында жайгаштырылган.
“Сынамык тест” боюнча суроолоруңуздар болсо (0312) 66-04-56 66-03-80 телефон номери же tcks2010@mail.ru электрондук дареги аркылуу тестирлөө бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот. Ошондой эле сунуш, пикирлериңиздерди https://synakdemo.srs.kg/ дарегине калтыра аласыздар.
Толук кандуу тестен өтүү процессин алдын ала көргүсү келген, “сынамык тестен” өтүүнү каалагандар: Байланыш тел. (312) 66-46-34 62-31-51 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, Бишкек шаары, Панфилов көчөсү, 237 дарегине ар аптанынын жума күндөрү барып “сынамык тестен” өтсө болот.