Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын
административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топторуна кадрлардын резервине киргизүүгө ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыя кылат.
Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына коюлуучу жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:
1. Билүүсү керек:
Төмөнкү жалпы мыйзамдарды:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
3) «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
4) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
6) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
7) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
8) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
9) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы;
Төмөнкү предметтик мыйзамдарды:
1) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
2) «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
3) «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
4) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Билүүсү керек:
Төмөнкү жалпы мыйзамдарды:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
4) «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 3 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы;
Төмөнкү предметтик мыйзамдарды:
1) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
2) «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
3) «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын.
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:
Төмөнкү предметтик мыйзамдарды:
1) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
2) «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн жалпы талаптар
— Кыргыз Республикасынын жараны;
— 21 жаш куракка чыккан;
— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлѳмдѳ мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
— Компьютердик сабаттуулугу жана зарыл программалык көнүмдөрдө (Word, Excel, «ТОКТОМ Мамлекет Про» маалыматтык-укуктук тутумда) иштей билүүсү.
Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Юриспруденция багыты боюнча
— жогорку юридикалык билим.
— чогуу алганда 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык стажы, же болбосо тийиштүү кесиптик чѳйрѳдѳ 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Маалыматтык–коммуникациялык технологиялар багыты боюнча
— маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу багыты боюнча жогорку техникалык билим.
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Шайлоолорду уюштуруу багыты боюнча
— ар кандай профилдеги жогорку кесиптик билим. Юридикалык билими барлар артыкчылыктуу болуп саналат.
-чогуу алганда 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык стажы, же болбосо тийиштүү кесиптик чѳйрѳдѳ 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Финансы жана бухгалтердик эсеп багыты боюнча:
— экономика, финансы, бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит багыттары боюнча жогорку билим.
— чогуу алганда 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык стажы, же болбосо тийиштүү кесиптик чѳйрѳдѳ 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Юриспруденция багыты боюнча
— жогорку юридикалык билим.
— чогуу алганда 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык стажы, же болбосо тийиштүү кесиптик чѳйрѳдѳ 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Маалымдоо багыты боюнча
— бардык профилдеги жогорку билим. Журналистика багыты боюнча билим артыкчылыктуу болуп саналат.
-чогуу алганда 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык стажы, же болбосо тийиштүү кесиптик чѳйрѳдѳ 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Финансы жана бухгалтердик эсеп багыты боюнча:
— жогорку экономикалык билим. Бухгалтердик эсеп багыттары боюнча билим артыкчылыктуу болуп саналат.
— чогуу алганда 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык стажы, же болбосо тийиштүү кесиптик чѳйрѳдѳ 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Шайлоолорду уюштуруу багыты боюнча
— ар кандай профилдеги жогорку кесиптик билим. Юридикалык билими барлар артыкчылыктуу болуп саналат.
— чогуу алганда 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык стажы, же болбосо тийиштүү кесиптик чѳйрѳдѳ 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Программалаштыруу, программалык-техникалык камсыз кылуу багыты боюнча
— маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу багыты боюнча жогрку техникалык билим.
— чогуу алганда 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык стажы, же болбосо тийиштүү кесиптик чѳйрѳдѳ 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар багыты боюнча
— бардык профилдеги жогорку билим. Техникалык билимдин болушу артыкчылыктуу болуп саналат.
— чогуу алганда 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык стажы, же болбосо тийиштүү кесиптик чѳйрѳдѳ 3 жылдан кем эмес стажы.
Административдик кызмат орундарынын кенже топторуна квалификациялык талаптар:
Шайлоолорду уюштуруу багыты боюнча:
— бардык профилдеги жогорку билим;
— эмгек стажына талаптар коюлбайт.
Маалыматтык коммуникациялык технологиялар багыты боюнча:
— бардык профилдеги жогорку билим. Маалыматтык система, маалыматтык коммуникациялык технологиялар чѳйрѳсүндѳгү билим артыкчылыктуу болуп саналат.
— эмгек стажына талаптар коюлбайт.
Финансы-экономика багыты боюнча:
— Экономика жана финансы, бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит багыттары боюнча жогорку билим;
— эмгек стажына талаптар коюлбайт.
Юриспруденция багытиы боюнча:
— жогорку юридикалык билим;
— эмгек стажына талаптар коюлбайт.
Маалымдоо багыты боюнча:
— бардык профилдеги жогорку билим. Журналистика багыты боюнча билим артыкчылыктуу болуп саналат.
— эмгек стажына талаптар коюлбайт.
Иш кагаздары менен иштѳѳ багыты боюнча:
— бардык профилдеги жогорку билим.
— эмгек стажына талаптар коюлбайт.
Конкурска катышуу үчүн зарыл документтердин тизмеси:
1) конкурстук комиссиянын тѳрагасынын атына жазылган өзүнүн арызы;
2) кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, ѳмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрѳтү;
3) зарыл кесиптик билимин ырастоочу документтер, иш стажы жана квалификациясы (эмгек китепчесинин кѳчүрмѳсү, билимин, квалификациясын жогорулатуу тууралуу, илимий даражасын жана илимий наамын ыйгаруу жѳнүндѳ нотариус же иштеген жери боюнча кызматкерлерди башкаруу кызматы күбѳлѳндүргѳн документтердин кѳчүрмѳлөрү);
4) паспортунун кѳчүрмѳсү;
5) нотариус же иштеген жери боюнча кызматкерлерди башкаруу кызматы күбѳлѳндүргѳн аскер билетинин кѳчүрмѳсү;
6) тиркѳѳ папкасы (документтер үчүн).
Документтер тиркѳѳ папкасына тиркелип, ошол түрүндѳ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсү 50, дареги боюнча № 201 бөлмөдө беш жумушчу күндүк аптаны эске алуу менен 2024-жылдын 18-июнунан 5-июлун кошуп алганда саат 9.00дѳн 18.00гѳ чейин (түшкү тамактанууга тыныгуу — саат 12.30дан 13.30га чейин) кабыл алынат.
Документтердин толук эмес пакетин тапшыргандар, ошондой эле коюлган талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурска катыша албайт.
Кошумча маалымат алуу үчүн 62-08-27 телефону боюнча (адам ресурстарын башкаруу секторуна) кайрылса болот.