Кара-Суу райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык  кызмат  орундарынын топторуна квалификациялык талаптар

1.2. финансылык жана бухгалтердик эсеп секторунун башкы адиси:
Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим: экономика жана башкаруу.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”Мыйзамы
3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
7. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
8. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
9. Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
10. Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы.
кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же
расмий тилдерди билүү;
Билгичтиги :
— Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана
практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
Көндүмдөрү :
— Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү.

Бул конкурска катышуучулар төмөндөгудөй документтерди тапшыруусу зарыл:
— жеке арыз;
— кадрдык өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен)
— Өмүр баян ( соттолбогондугун же соттолгондугун көрсөтүү менен)
— паспортунан көчүрмө
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча
билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү ( иш стажы бар болсо);
Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду:
ДАРЕГИ: Кара-Суу шаары, Ленин  көчөсү №50,  Кара-Суу райондук Эмгек социалдык
камсыздоо жана миграция башкармалыгы байланыш номери: 0995009294
Конкурска документтер массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан
баштап, 2024-жылдын 18-июнунан  тартып, 2024-жылдын 02-июлуна чейин иш
күндөрү кабыл алынат.