Тиешелүү айыл аймакта туулган жаран айыл өкмөт башчысы боло албайт
Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинде мыйзам долбоорлорун коргоду.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (1. “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө”, 2. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, 3.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары) Мыйзамынын долбоору экинчи жана үчүнчү окууда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында каралды.
Аталган мыйзам долбоору Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыгып КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан Жогорку Кеңешке киргизилген.
“ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамынын күчүндө калтырылган эң орчундуу жери коррупцияга каршы күрөшүү, алдын алуу чаралары каралган. Атап айтсак, тиешелүү айыл аймакта туулган жаран айыл өкмөт башчысы боло албайт.
Себептерине токтолсок:
1. мамлекеттик жана муниципалдык кызматта коррупцияны азайтуу (алдын алуу);
2. кызматтык абалын туугандарга жана жакындарына колдонуу;
3. кызыкчылыктардын кагылышуусу – коомдук укуктук милдеттери менен өздүк (жеке) кызыкчылыктарынын ортосундагы кагылышуу, мында алардын өздүк (жеке) кызыкчылыктары алардын кызматтык милдеттерди аткаруусуна таасир көрсөтөт же таасир көрсөтүшү мүмкүн.
Кудайберген Базарбаев талкуу учурунда депутаттардын суроолоруна жооп берди.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору жактырылып депутаттар тарабынан бир добуштан кабыл алынды.