Агенттиктин директору К.Б. Базарбаевдин тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын планынын негизинде мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүргүзүлдү. Мониторинг дин негизги максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларына усулдук жана консультациялык жардам көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө мыйзамынын аткарылуусун көзөмөлдөө болуп саналат.