“Санарип аймак” боюнча семинар өткөрүлдү
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги “Санарип аймак” боюнча семинар уюштурду.
Агенттик Аламүдүн мамлекеттик райондук администрациясында Чүй областындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасынын жаңы модулун презентациялады. “Муниципалдык менчик объекттеринин бирдиктүү реестри” модулун ишке киргизүү үчүн 80 ге жакын жооптуу кызматчыларга автоматташтырылган маалыматтык системаны демантстрациялоо менен окуу өткөрүлдү.