Cүлүктү шаарынын мэриясы башкы административдик муниципалдык кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүү боюнча АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ: Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар: Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн – жогорку билим; – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы; Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси: Негизги мыйзамдар: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы (8-август 2012-ж.; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” Тармактагы мыйзамдар: – КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы – КР Жер кодекси; – КР Турак жай кодекси – “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосу; – “Мамлекеттик тил жөнүндө” Конституциялык мыйзам; – Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси. Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл: Жеке арыз; Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен); Дипломдун көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган; Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган; Паспорттун көчүрмөсү; Документтерди 2024-жылдын 1-августуна чейин Сүлүктү шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана кадрлар секторуна тапшырсаныздар болот. Дареги И.Раззаков көч 1, 2-кабат, телефон: 5-00-03 Эскертүү: конкурска бардык квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) мамлекеттик кызматтын башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрдык резервге кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.