Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын

Ош шаардык ветеринардык башкармалыгы улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт

 

Ош шаардык ветеринардык башкармалыктын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

–  административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобун  резервке; –  административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобун  резервке.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга; 2) 21 жаштан жаш болбоого;

3) Соттуулугу жок: 4) Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

          

Административдик мамлекеттик улук кызмат тобунун квалификациялык

талаптары (башкы адис)

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

  • Жогорку кесиптик билим (баардык тармакта);

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
  1. Кесиптик компетенттүүлүгү: — төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актылары жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-январындагы №8 «Мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта иштеген стажы үчүн кызматтык маяналарына үстөк акы төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтому.

Билгичтиги:

  • маселелерди чечүү үчүн иновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
  • түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; — ведомстволор аралык кызматташуу.

Көндүмдөрү:

  • белгилүү бир чөйрөдөгү иш-аракеттерди талдоо жана болжолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
  • башкаруу көндүмдөрүн, компьютерди жана башка оргтехниканы, ошондой эле заманбап керектүү программалык камсыздоону колдонуу.

 

    Административдик   мамлекеттик           улук   кызмат          тобунун         квалификациялык талаптары ( башкы инспектор)

  1. Кесиптик билим деңгээли:

—    ветеринария багыты боюнча «айыл чарба» жаатындагы жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

—  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү: — төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзамдар:
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар:
  • Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Жаныбарларды жана жаныбарлардын алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы №56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун. Билгичтиги:
    • өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
    • ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу.

Көндүмдөрү:

  • белгилүү бир чөйрөдөгү иш-аракеттерди талдоо жана болжолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
  • башкаруу көндүмдөрүн, компьютерди жана башка оргтехниканы, ошондой эле керектүү программалык камсыздоону колдонуу;
  • иштиктүү байланыштын           ыкмаларын    өздөштүрүү   жана   жолугушууларды, чогулуштарды өткөрүү.
  • Жөндөмдүүлүк:
  • ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
  • коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
  • өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; —       ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.
  • Көндүмдөр:
  • ишкердик жазуу көндүмдөрү;
  • белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
  • иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;
  • компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

 

Административдик       мамлекеттик           кенже             кызмат          тобунун        квалификациялык талаптар (инспектор)

  1.Кесиптик билимдин деңгээли:

  • Айыл чарбасы тармагындагы ветеринария багыты боюнча жогорку кесиптик билим;
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:
  • иш стажына талаптар коюлбайт;
  1. Кесиптик компетенттүүлүгү: — төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзамдар:
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар:
  • Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Жаныбарларды жана жаныбарлардын алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы №56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун. Билгичтиги:
    • өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
    • ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу.

Көндүмдөрү:

  • белгилүү бир чөйрөдөгү иш-аракеттерди талдоо жана болжолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
  • башкаруу көндүмдөрүн, компьютерди жана башка оргтехниканы, ошондой эле керектүү программалык камсыздоону колдонуу;
  • иштиктүү байланыштын           ыкмаларын    өздөштүрүү   жана   жолугушууларды, чогулуштарды өткөрүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

  • өзүнүн арызы;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

 

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя  чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн  ичинде саат 9:00 дөн  18:00 га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу керек: Ош шаары, Гагарин көчөсү 25.

Сурап билүү телефондор: (03222) 4-13-75, 0778 50 01 77. 0997 87 0017