Кыргыз Республикасынын Президентининин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна” ылайык, административдик кызмат орундарынын  улук жана кенже кызмат орундарына киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Кадрлар резервинин улук тобуна кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1. Жогорку билим: “Юриспруденция/укук таануу адистиги” жана курулуш, архитектура, геодезия, картография багыттары боюнча (2 бирдик).
2. Жалпысынан Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы жана тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Жалпы ченемдик укуктук актылары:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылды 3-мартындагы №120 токтому “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”.
3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы,
4. Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси”,
5. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы,
6. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы.

Тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актылары
(юридика багыты):
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
2. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси;
3. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети” жөнүндө конституциялык Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;
6. Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы;
7. Кыргыз Республикасынын Жазык Кодекси;
8. Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси;
9. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Мыйзамы;
10. Кыргыз Республикасынын Шаар куруу жана архитектура жөнүндө Мыйзамы;
11. Ишкердиктин субъектерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө.

Кадрлар резервинин кенже тобуна кирүү үчүн талапкерлерге квалификациялык талаптар:
1.Жогорку билим: Филологиялык/ англис тили же кытай тили
2.Иш стажына талаптар коюлбайт.

Жалпы ченемдик укуктук актылары:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылды 3-мартындагы №120 токтому “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”.
3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы,

Тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актылары:
1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети” жөнүндө конституциялык Мыйзамы.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”.
3. Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси”.
4. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы.
5.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

— конкурстук комиссиясынын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (кызматтын тобун көрсөтүү менен);
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
— өздүк таржымал (өмүр баян) өз колу менен жазылган, соттуулугу бар жана жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспортунун көчүрмөсү.

Конкурска катышуу үчүн жогорудагы документтерди жарыя берилген сайттын же гезиттин чыгарылган күнүнөн баштап 10 календарлык күн ичинде төмөнкү дарекке тапшыруу зарыл: Ош шаары, Ленин көчөсү-221, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, 2-кабат 21-кабинет. Байланыш номери: (03222)7-03-33, 0553 54 74 44.

Сынак өтүү күнү жана өтүү орду кошумча маалымдалат.