Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2024-жылдын 19-сентябрынан тартып 2024-жылдын 19-октябрга чейин ачык конкурс жарыялайт.
Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүндѳ улук топко-1, кенже топко -2 орундарга кадрлар резервине сынак жарыялайт.
Сынактын мѳѳнѳтү 19-октябрга чейин
Райондук билим берүү бөлүмүнө
-кызмат орундарынын улук тобуна
— кызмат орундарынын кенже тобуна
Кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- педагогикалык багыттагы жогорку билим;
- 2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
- 3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар :
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы
2 ) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндѳ .
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө
- Кыргыз Республикасынын МыйзамыКыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө
- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар :
1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы :
“Билим берүү жөнүндө” , “Мугалимдин статусу жөнүндө” ,
“Мамлекеттик тил жөнүндө”
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” ,
“Башталгыч кесиптик билим берүү” ,“Эл аралык келишимдер жөнүндө”, КРнын Ѳкмѳтүнүн 2021-жылдын 5- мартындагы № 72 токтому “КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жѳнүндѳ ”
билгичтиги:
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
1) кесиптик билимдин деңгзэли :
— педагогикалык, фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими;
2) иш стажы жана тажрыйбасы: — иш стажына талаптарды койбостон;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар :
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы
2 ) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндѳ .
3) Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар :
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы : “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө” , “Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “1-4-класстын окуучуларын тамактандыруу жѳнүндѳ ”
КРнын Ѳкмѳтүнүн 2021-жылдын 5- мартындагы № 72 токтому “КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жѳнүндѳ “
3.2. билгичтиги:
- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
- тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; — мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; командада иштөө:
3.3. көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:
- жеке арызы;
- өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат)
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; паспорттун көчүрмөсү; – скоросшиватель.
Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду
Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү.
Кара-Суу району, Кара –Суу шаары , Ж.Аматов көчөсү №2.
Кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 19-сентябрдан тартып 2024-жылдын 19 -октябрга чейин. Байланыш телефону: 0551 006587 . Кабинет № 4.