Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты мамлекеттик жарандык кызматтын кенже жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак өткөрүү жөнүндө жарыялайт
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) КР жараны болууга;
2) 21 жаштан жаш эмес;
3) кадрлар резервине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
Билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
Билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүү.
• Компьютердик сабаттуулугу жана зарыл программалык продуктуларды (Word, Excel, «ТОКТОМ МамлекетПро» маалымат-укуктук системасы) билүү.
Укуктук жана аналитикалык камсыздоо жаатында
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн квалификациялык талаптар:
1) Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик кызматтагы жана/же муниципалдык кызматтагы жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.
2) Кесиптик билиминин деңгээли:
— юриспруденция жаатындагы жогорку кесиптик билими;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, Мамлекеттик тилди билүү деңгээли
жөнүндө сертификаттын болушу. Бул сертификат жок болгон учурда талапкер белгиленген тартипте дайындалгандан кийин үч айдын ичинде тиешелүү тестирлөөдөн өтүүгө милдеттүү.
3) Билүү:
— «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары;
— «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенттери;
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.
— компьютердик сабаттуулугу.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобу үчүн кесиптик компетенциялар:
Билгичтиги:
— маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— ченемдик укуктук актыларга укуктук талдоо жүргүзүү жагында ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатак кырдаалдарын жөнгө салуу;
— ченемдик укуктук актыларга укуктук талдоо жүргүзүү жагында ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны изилдөө;
— соттук же ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо.
Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
— башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продукттарды билүү.
Персоналды башкаруу чөйрөсүндө
Кадрдык иштери чөйрөсүндөгү административдик кызмат орундарынын кенже топтор үчүн квалификациялык талаптар:
2) Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
2) Кесиптик билиминин деңгээли:
— адам ресурстарын башкаруу, юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча жогорку кесиптик билими;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, Мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификаттын болушу. Бул сертификат жок болгон учурда талапкер
белгиленген тартипте дайындалгандан кийин үч айдын ичинде тиешелүү тестирлөөдөн өтүүгө милдеттүү.
3) Билүү:
— «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары;
— «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенттери;
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.
— компьютердик сабаттуулугу.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже тобу үчүн кесиптик компетенциялар:
Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө.
Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
— башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продкуттарды билүү.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:
— жеке арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөтү, резюме, автобиографиясы (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— паспорттун көчүрмөсү (сынакка документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында паспорттун түп нускасы же инсандыгын ырастаган документ көрсөтүлөт);
— зарыл кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын ырастоочу документтер (нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү,
билими, квалификациясын жогорулатуу, окумуштуу даражасын жана окумуштуу наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү);
— сунуштама каттар (эгерде бар болсо);
— толук маалымат КР Конституциялык сотунун https://constsot.kg/ru/ сайтында жайгаштырылган.
Көктөмөгө тиркелген документтер 2024-жылдын 7-октябрынан тартып 17-октябрына чейин (17-октябрын кошуу менен) Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 39 дареги боюнча тапшырылышы керек. № 20 кабинет, телефон: 66-05-47; 62-20-71.