Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин
административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн жалпы
квалификациялык талаптар:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
-Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык,
социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык
информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат
стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Төмөнкүлөрдү билүү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
3) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
4)“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
5)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы ;

6)“Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№120 токтому.
Улук тобунун административдик мамлекеттик кызмат орундарына
төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
төмөнкүлөрдү билүү:
1) “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
2) “Мугалимдин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)“Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
4) “Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Башталгыч кесиптик билим берүү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) “Эл аралык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик
жана/же расмий тилдерди билүүсү.
билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана
практикада колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү.

— жеке арызы;
— өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
— резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал
(соттолбогондугу тууралуу маалымат);
— нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо
ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө
документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү;
— соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты.

Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмү.
Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айылы, Маткадыров көчөсү №2.
Кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 17-октябрынан тартып 2024-жылдын
29-октябрына чейин саат 18.00 чейин.
Байланыш телефону: 0778 07 19 41. кабинет № 5. (райондук билим берүү бөлүмүнүн
жетектөөчү адиси Мамекова Бегайым Тажибаевна).
Жарыя mkk.gov.kg жана gvfi.gov.kg сайттарына илинет.
Эскертүү: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана
маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.