Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже  топтогу административдик мамлекеттик кызматынын орундарына конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Жарлыгынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервинин иштеши» Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик   кызматынын орундарына кабыл алуу үчүн конурс жарыялайт.

  1. I. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
  2. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: физика–математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу илимдери, гуманитардык жана социалдык илимдери, педагогикалык билим берүү, саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, транспорттук техника жана технология, маалыматтык коопсуздук, тоо–кен илимдери, айыл чарба, технология жана тамак аш өндүрүү геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, электроника, радиотехника жана байланыш, техника илимдери, техносфералык жана өрт коопсуздугу, жаратылыш жана гидрометеорология, аскердик билими, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020–жылдын 3–мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

Предметтик мыйзамдар:

-Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы,

-Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-июнундагы №65 “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018–жылдын 22–ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019–жылдын 6–майындагы №213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019–жылдын 28–январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө” токтому;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019–жылдын 23–октябрындагы №569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө” токтому;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019–жылдын 19–февралындагы №58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024–жылдын 22–февралындагы №77 “Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, аны эсепке алууну системалаштыруунун тартибин жана Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш–чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021–жылдын 15–ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому.

3.2. Билгичтиги:

– документтердин, маалыматтардын, сурамдарга жооптордун сапаттуу даярдоого жөндөмү;

– командада иштей билүүгө жөндөмү;

– кызматтык алака, көңүл бөлүүгө, демилге көтөрө билүүгө жөндөмү;

– ири көлөмдөгү маалыматтар менен иштей билүүгө жөндөмү.

3.3. Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

  1. II. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
  1.  Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: физика–математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу илимдери, гуманитардык жана социалдык илимдери, педагогикалык билим берүү, саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, транспорттук техника жана технология, маалыматтык коопсуздук, тоо–кен илимдери, айыл чарба, технология жана тамак аш өндүрүү, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, электроника, радиотехника жана байланыш, техника илимдери, техносфералык жана өрт коопсуздугу, жаратылыш жана гидрометеорология, аскердик билими, техникалык илимдери, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт:

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мйзамдар:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020–жылдын 3–мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

Предметтик мыйзамдар:  

-Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016–жылдын 30–декабрындагы ПЖ №308 “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” жарлыгы;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022–жылдын 2–февралындагы ПЖ №25 “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жарлыгы;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022–жылдын
24 –февралындагы ПЖ № 61 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жарлыгы;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022–жылдын 2–февралындагы ПЖ № 24 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыгы;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016–жылдын 29–декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтому;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021–жылдын 29–декабрындагы №356 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021–жылдын 15–ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому.

3.2. Билгичтиги:

–элдин алдында сүйлөө;

–мамлекеттик башкаруу, адамдык ресурстарды башкаруу тармагындагы тажрыйбасы болушуна артыкчылык берилет;

–кадр менеджментин билүү;

–өзгөчө кырдаалдар учурунда иштөөгө физикалык чыдамдуу болушу;

–чоң көлөмдүү маалыматтар менен иштөөгө жөндөмдүүлүгү;

–компьютерди колдоно билүү (Microsoft Word, Microsoft Excel, Power point, Internet);

–жогорку турган башчылардын тапшырмаларын сапаттуу аткаруу жөндөмдүүлүгү.

3.3. Көндүмдөрү:

–ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

–чыр–чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

–натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын билүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

-жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

-паспорттун көчүрмөсүн;

-керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган  документтерин  (эмгек китепчесинин,  билими,   квалификациясы жогорулаткандыгы,   илимий   даража   же   илимий   наам  берилгендиги  жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтерди 2024-жылдын 15ноябрына чейин Кадр жана тарбия иштери бөлүмүнөтапшыруу керек.

Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:  Бишкек  шаары, Кулатов көчөсү 11, каб. 14 (Кадрлар  бөлүмүнө), тел.: (312) 59-03-46.