Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына
квалификациялык талаптар:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция,
Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый
илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында)
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же
тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
• төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарынан:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын
Министирлер Кабинети жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби
жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү
нускама.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:
1) Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”
2) “Жайыттар жөнүндө”;
3) “Билим берүү жөнүндө”;
4) “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдары.
5) Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
6) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
7) Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;
— билгичтиги:
иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү,
контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн
жоопкерчилик тартуу;
кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында
аныктоо жана чечүү;
коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү
издөө;
өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
кириш-чыгыш документтер менен иштөө;
айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин чечимдерин, жогору турган мамлекеттик башкаруу
органдарынын тапшырмаларын аткаруу боюнча уюштуруучулук иш, отчетторду даярдоо,
эмгек мыйзамдарын сактоо;
инвестицияларды тартуу;
бизнес долбоорлорду даярдоо;
жарандардын арыздары менен иштөө жана кабыл алуу;
— көндүмдөрү:
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды
жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин
стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге
сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке
ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди,
жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик
жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды
колдоно билүү.
Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына
квалификациялык талаптар:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
• тийиштүү багыттагы жогорку билим (Финансылык, экономика жана башкаруу,
маалымат коопсуздугу, тейлоо сферасы);
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
• жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат
стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенциялары:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби
жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү
нускама.
— Билгичтиги:
Маалыматты жыйноо.талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
Аналитикалык документтерди даярдоо;
Тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана
практикада колдонуу;
Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
Эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
— Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды
колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер керектелет:
1. жеке арызы
2. резюме
3. өмур баян( соттолгон же соттолбогондугун көрсөтүү менен)
4. кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы
5. фото сүрөт 2 даана
6. паспортунун же инсандыгын күбөлөндүрүүчү башка документинин көчүрмөсү
7. зарыл кесиптик билими, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу
документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү).
8. Диплому (нотариустан тастыктоо менен)
9. Аскердик билетинин көчүрмөсү (эркек кишиге)
Документтер жарыя чыккан күндөн 14 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү даректе
кабыл алынат. Датка айылдык аймагынын айыл өкмөтү, Шарк айылы, У.Содиков көчөсү
№37 А үй , Датка айыл өкмөтүнүн кеңсеси
Телефон: 0550 50 60 92, 0990 60 20 05