Кенже административдик кызмат ордуна:

Документтик камсыздоо боюнча адис.

 

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы жогорку билим (гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу педагогикалык билим берүү, педагогикалык билим берүү, социалдык илимдер);

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш-стажына талап коюлбайт.

 

Ошондой эле мыйзамдарды билүүсү:

1)“Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы;

2)”Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

3) )«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билүүсү зарыл.

 

 

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

— Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

— кадрлардын каттоо баракчасы;

— 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

— Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

— жогорку билиминин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

— эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек);

— соттолбогондугу жөнүндө аныктама;

-өмүр баяны;

-резюме.

Документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) календарлык  күндүн ичинде (11.11.2024-21.11.2024ж.) Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын №3 кабинетинде (жалпы секторунда) Чолпон-Ата шаары Совет көч №1 дарегинде кабыл алынат.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар: (03943) 4-33-16,4-28-28.