Кара-Кулжа районунун Алайку айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторуна конкурс жарыялайт.
Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар
Алайку айыл өкмөтүнүн финансы –экономика жана социалдык жактан өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим (Финансылык, экономика жана башкаруу, гуманитардык ,маалымат коопсуздугу, тейлоо сферасы); 2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Кесиптик компетенциялары:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын
Министирлер Кабинети жөнүндө»;
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”;
Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;
Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жонундо Кодекси”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же
расмий тилдерди билүү;
Алайку айыл өкмөтүнүн башкы адис — юрист кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)
Кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим ( юриспруденция, гуманитардык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, ) ;
- иш стажы жана тажрыйбасы:
жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы
же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
- кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө Конституциялык Мыйзамы;
«Укук бузуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодекси;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 02 февралындагы № 25 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы билүүсү зарыл.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
Алайку айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук боюнча
башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим (Юриспруденция, Укук тануу адистиктери боюнча, социалдык илимдер гуманитардык илимдер, педогогикалык билим беруу, табият таануу илимдери ) 2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодексин;
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин;
Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө” Мыйзамы;
“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Мыйзамы; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же
расмий тилдерди билүү;
Алайку айыл өкмөтүнүн санариптештирүү жана IT технология жана кирешелер боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим (автоматташтыруу жана башкаруу, Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар адистиктери боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык-экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында); 2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү
Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар
Алайку айыл өкмөтүнүн коомдук саламаттыкты сактоо боюнча жетектөөчү адис – кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим же атайын кесиптик орто билим (экономика жана башкаруу, тейлоо сферасы, маданият жана искуство, социалдык илимдер гуманитардык илимдер, педогогикалык билим беруу, табият таануу илимдери, саламаттыкты сактоо )
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт
- Кесиптик компетенциялары:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”;
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”;
Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө”;
“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жонундо” мыйзамдарын билүүсү зарыл. билүүсү зарыл.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
- билгичтиги:
ДМЧА ,кош бойлуулар,өнөкөт оорулуулар менен иштөө;
аймактагы санитария жана гигиена, сергек жашоо образын калыптандыруу; өмүргө коркунуч туудурган оорулары бар оорулууларды эсепке алуу, маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана
практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
• көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Алайку айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим же атайын орто кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, автоматташтыруу жана башкаруу, техносфералык коопсуздук жаратылышты жайгаштуруу жана гидромерология, архитехтура жана курулуш , токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетуу, гелогия, чалгындоо жана кендерди иштетуу багытындагы); 2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт 3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Суу кодексин”;
Кыргыз Республикасынын Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Мыйзамы;
«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» токтому билүүсү зарыл.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же
расмий тилдерди билүү; • билгичтиги:
Аймактагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер ресрустарын эсепке алуу;
Айыл чарба багытындагы эмес муниципалдык жерлерди,айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу;
-жерлерди трансформациялоо;
Жер мыйзамдарын сактоону жана суу ресрустарын пайдаланууну контролдоо;
Айыл чарба жерлерин сугаруу маселелери,өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукттарын кайра иштетүү; Тоют даярдоо; үрөн чарбасы; өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукттарын сатуу ж.б. маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана
практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
• көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү
Алайку айыл өкмөтүнүн мал чарбачылыгы боюнча адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар
(К-Б) 1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим же орто кесиптик (ветеринария, айыл чарба жана айыл чарба илимдери багытындагы); 2) иш стажы жана тажрыйбасы: — иш стажысына талап коюлбайт; 3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын “ Ветеринария жөнүндө”Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын «Айыл-чарбасы өнүктүрүү жөнүндө» Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө Мыйзамы; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же
расмий тилдерди билүү; • билгичтиги:
Малдын башы ,ваксинация,асыл-тукум чарбасы,эсепке алуу,малды маркалоо,малдын эпизоотиясы,мал чарба продукциясын сатуу,этти,сүттү,жүндү кайра иштетүү,жайыт пайдалануучулар менен иштөө,ж.б.
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана
практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; • көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү
Конкурска катышуу үчүн талап кылынуучу документтер (атайын көктөмөдө тиркелген)
-жеке арыз
-өздүк каттоо баракчасы
-дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүргөн)
-эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( нотариалдык жактан күбөлөндүргөн)
-паспорт (көчүрмөсү менен)
-резюме
-өмүр баян (соттолгондугун же соттолбогондугун көрсөтүү менен)
-3х4 өлчөмүндө төрт даана сүрөт
Сынакка катышуучулардын документтерин жарыя чыккан күндөн баштап 2024жылдын 29-ноябрына чейин Алайку айыл өкмөтүнүн конкурсттук комиссиясы (орунбасар -жооптуу катчы) тарабынан кабыл алынат.
Сурап билүү үчүн (0775145757), (0755313463) телефондоруна кайрылсаңыздар болот