Кара-Суу райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына кадрлар резервине Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер. Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талаптарды койбостон Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы 3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Мыйзамы; 4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамы; 5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; 7. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси; 8. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси; 9. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы; 10. Кыргыз Республикасынын “ Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”Мыйзамы; 11. Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы; 12. Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик тили жөнүндө” – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; Билгичтиги : – Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; Көндүмдөрү : – Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Бул конкурска катышуучулар төмөндөгудөй документтерди тапшыруусу зарыл: – жеке арыз; – кадрдык өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4); – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен) – Өмүр баян ( соттолбогондугун же соттолгондугун көрсөтүү менен) – паспортунан көчүрмө – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( иш стажы бар болсо); Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду: ДАРЕГИ: Кара-Суу шаары, Ленин көчөсү №50, Кара-Суу райондук Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы байланыш номери: 0556001517 Конкурска документтер массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан баштап, 2024-жылдын 18-ноябрынан тартып, 2024-жылдын 28-ноябрына чейин иш күндөрү кабыл алынат. Жазуулар боюнча багыттоо Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү Кара-Суу райондук ветеринардык башкармалыгы