Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык

кызматынын Кара-Суу райондук ветеринардык башкармалыгы

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна ички резервке кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топтору үчүн

1.Кыргыз Республикасынын Кониституциясы;

2.”Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3.”Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  1. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  2. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топтору үчүн

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Компьютер жана мобилдик түзүлүштөр менен, компьютердик жана социалдык тармактарда, оргтехника менен иштей билүүсү;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын колдонууну билүүсү.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топтору үчүн (ветеринар)

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— ветеринария багыты боюнча «айыл чарба» жаатындагы жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенциялар:

Билүү:

  • “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №56токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы “Ишкердик ишаракетти жүзөгө            ашырууда      тобокелдик    даражасын     баалоо критерийлерин         бекитүү жөнүндө” №108 токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жөнүндө” жобо.

Жөндөмдүүлүк:

  • маалыматты жыйноо,         талдоо,           системалаштыруу     жана   жалпылоо,аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекндик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарынаадаптациялашуу;
  • мыйзамда каралганучурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү; Көндүмдөр:
  • ченемдик укуктук актылар менеништөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топтору үчүн (ветеринар)

  1. Кесиптик билим деңгээли:
  • ветеринария багыты боюнча «айыл чарба» жаатындагы жогорку кесиптик билим.
    1. Иш стажы жана тажрыйбасы: — иш стажына талаптар коюлбайт.
    2. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билүү:

  • “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №56 токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жөнүндө” жобо.
  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү

Билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • команда менен иштөө;
  • мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү;

Көндүмдөр:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • компьютердик жана   уюштуруу      техникасын,  зарыл  болгон            программалык продуктуларды колдоно билүү.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топтору үчүн (жетектөөчү адис)

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— эсептөө техникасы жана маалымат технологиялары, табигый илимдер, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу , техникалык илимдер, техносфералык коопсуздук, жаратылыш жайгашуусу жана гидрометеорология боюнча жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билүү:

  • “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” ПЖ № 24 Жарлыгы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” ПЖ № 25 Жарлыгы.
  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • команда менен иштөө;
  • мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү;

Көндүмдөр:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик         жана   уюштуруу      техникасын,  зарыл  болгон            программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

     жеке арызы;

     паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт)

 резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

     өмүр баяны; (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалытты көрсөтүү менен)

     Соттуулугу тууралуу маалымат;

 Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

     нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

 илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

Сынакка катышуу үчүн документтерди 2024-жылдын 15-ноябрынан тартып он календарлык күндүн ичинде саат 9:00 дөн 17:00 гө чейин төмөнкү дарекке тапшыруу керек.

Кара-Суу району, Датка айыл аймагы, Медресе айылы, Б.Эсенов 5.

Тел: +996(3222) 342-91

Эскертүү: Конкурска катышуу боюнча чыгымдарды (конкурс өтүүчү жерге баруу жана кайра келүү, байланыш каражаттарынын бардык түрлөрүн пайдалануу) жарандар өз каражаттарынын эсебинен жүргүзөт. Кабыл алынган талапкерлер конкурска чакырылат.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.