Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппараты мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын улук тобун ээлөө үчүн кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
— Кыргыз Республикасынын жараны болууга;;
— кеминде 21 жашта болуңуз;
— кадрлар резервине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
Мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын улук тобуна коюлуучу жалпы квалификациялык талаптар:
Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн (негизги тест):
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
3) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Укуктук камсыздоо жаатында:
1. Кесиптик билим деңгээли:
— юриспруденция багыты боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялар:
3.1. Билүү:
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
– «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын.
3.2. Билүүсү:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;
— КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдалануу;
3.3. Көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— ар жылдык жана атайын баяндамаларга материалдарды даярдоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо;
— ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди төмөнкүдөй ырааттуулукта папкага көктөп тапшыруу керек:
— өздүк арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен (4х6);
— сүрөт менен резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
— автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
— окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
— акыркы иштеген жеринен сунуштама кат (артыкчылык берилет).

Конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 16-декабрынан тартып 26-декабрын кошуп 9.00 дөн 17.00 гө чейин Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 57 (КР ТИМдин мурдагы имараты) дарек боюнча, 209-кабинетте жүргүзүлөт (ишемби жана жекшембиден тышкары).
Түшкү тыныгуу саат 13.00 дөн 14.00 гө чейин.

Документтердин толук пакетин тапшырбаган, ошондой эле конкурска коюлган талаптарга ылайык келбеген талапкерлерге жол берилбейт.