Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппараттын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже тобуна кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт:
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
— сүрөтү менен резюме (тел номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
— автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
— окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Конкурска катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча тапшыра алышат.
Конкурска катышуу үчүн документтер көктөлүп жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Адам ресурстары бөлүмүнө төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Бишкек ш., Н.Исанов көч., 42, 305-кабинет.
Документтер 2024-жылдын 19-декабрынан тартып 30-декабрьга чейин (30-декабрь — кабыл алуунун акыркы күнү) иш күндөрү саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин кабыл алынат. Кошумча маалымат (0312) 31 43 94 телефону жана КР ТКМ www.mtd.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин www.mkk.gov.kg расмий сайттарында.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга ачык конкурска катышууга жол берилбейт.
Квалификациялык талаптар:
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү.
Жалпы мыйзамдарды билүү:
Башкы административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4) «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдагы 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.  «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
3.  «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
4.  «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
5. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Багыттар боюнча предметтик мыйзамдарды билүү:
1. Автомобиль жолдору багыты боюнча башкы кызмат орундардын тобуна:
1. Кесиптик билим деңгээли:
— «Архитектура жана курулуш» тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: курулуш, архитектура, шаар курулушу, гидротехникалык курулуш; «Курулуш» тармагында: өнөр жай жана жарандык курулуш, шаардык курулуш жана чарба, имараттарды долбоорлоо, курулушту механизациялоо жана автоматташтыруу, курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү; «Транспорттук курулуш» тармагында: темир жол курулушу, жол жана жол чарбасы, автомобиль жолдору жана аэродромдор, көпүрөлөр жана транспорттук тоннелдер; «гуманитардык илимдер» тармагында: юриспруденция.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары:
«Автомобиль жолдору жөнүндө»;
«Жол фонду жөнүндө»;
«Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдору:
2021-жылдын 6-августундагы № 114 «Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;
2017-жылдын 24-августундагы № 538 «Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;
2009-жылдын 19-сентябрындагы № 597 «Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын куруунун, жер пайдалануунун жана абатташтыруунун типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө»;
2017-жылдын 18-августундагы № 512 «Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибин бекитүү жөнүндө»;
2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 «Жол тармагынын системасын өзгөртүү боюнча чаралар жөнүндө»;
2021-жылдын 28-октябрындагы №233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө»;
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө».
3.2. Билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— жетектөөчү түзүмдүк бөлүмдүн көйгөйлөрүн чечүүгө талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана мамилелерди интеграциялоо;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
— кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— милдеттерди чечүү үчүн новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү;
— конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3. Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийгендердин ортосунда тапшырмаларды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийгендерге сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
Транспорт саясатын жүргүзүү багытында башкы кызмат орундарынын тобуна:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— «Транспорттук техника жана технология» тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер, транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо, транспорттук процесстердин технологиясы; «Жерде жүрүүчү транспортту эксплуатациялоо» тармагында: автомобилдер жана автомобиль чарбасы; «Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу» тармагында: ташууларды уюштуруу жана транспортто башкаруу (түрлөрү боюнча), кыймылдын коопсуздугу жана уюштурулушу.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:
«Автомобиль транспорту жөнүндө»;
«Темир жол транспорту жөнүндө»;
«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдорун:
2021-жылдын 28-октябрындагы №233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти»;
2018-жылдын 17-сентябрындагы №430 «Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө»;
2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 «Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө»;
2015-жылдын 21-майындагы №311 «Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү тууралуу»;
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө»;
3.2. Билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө;
— өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
3.3. Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Транспорт саясатын жүргүзүү багытында улук кызмат орундарынын тобуна:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— «Транспорттук техника жана технология» тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер, транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо, машина куруу технологиясы, транспорттук процесстердин технологиясы; «Жерде жүрүүчү транспортту эксплуатациялоо» тармагында: автомобилдер жана автомобиль чарбасы; «Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу» тармагында: ташууларды уюштуруу жана транспортто башкаруу (түрлөрү боюнча), кыймылдын коопсуздугу жана уюштурулушу.технология машиностроения
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:
«Автомобиль транспорту жөнүндө»;
«Темир жол транспорту жөнүндө»;
«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдорун:
2021-жылдын 28-октябрындагы №233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти»;
2018-жылдын 17-сентябрындагы №430 «Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө»;
2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 «Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө»;
2015-жылдын 21-майындагы №311 «Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү тууралуу»;
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө»;
3.2. Билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Транспорт саясатын жүргүзүү багытында кенже кызмат орундарынын тобуна:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— «Транспорттук техника жана технология» тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер, транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо, машина куруу технологиясы, транспорттук процесстердин технологиясы; «Жерде жүрүүчү транспортту эксплуатациялоо» тармагында: автомобилдер жана автомобиль чарбасы; «Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу» тармагында: ташууларды уюштуруу жана транспортто башкаруу (түрлөрү боюнча), кыймылдын коопсуздугу жана уюштурулушу.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажы талап кылынбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:
«Автомобиль транспорту жөнүндө»;
«Темир жол транспорту жөнүндө»;
«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдорун:
2021-жылдын 28-октябрындагы №233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти»;
2018-жылдын 17-сентябрындагы №430 «Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө»;
2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 «Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө»;
2015-жылдын 21-майындагы №311 «Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү тууралуу»;
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө»;
3.2. Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө:
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук багыты боюнча кенже кызмат орундарынын тобуна:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— «Экономика жана башкаруу» тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: экономика; «Экономика» тармагында: экономикалык теория, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит, дүйнөлүк экономика, улуттук экономика, экономика жана ишкананы башкаруу (тармактар боюнча).
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын:
«Бухгалтердик эсеп жөнүндө»;
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдору:
2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө»;
2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө»;
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137 «Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө» буйругу.
3.2. Билгичтиги:
— маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— мамлекеттик сатып алуулар боюнча аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— командада иштөө;
— чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн статистикалык маалыматтарды талдоо жана маалымат иштери.
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу.
Укуктук камсыздоо багыты боюнча кенже кызмат орду тобуна:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— «гуманитардык илимдер» тармагында юриспруденция багыты боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси;
— «Ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;
— 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобо.
3.2. Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө:
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;
— сот жана мамлекеттик органдарда министрликтин кызыкчылыктарын коргоо
Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнүн кенже кызмат орундарынын тобуна (иштеген жери Бишкек ш, Ош обл. Чүй обл. Ысык-Көл обл.)
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— «Транспорттук техника жана технология» тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер, машина куруу технологиясы, транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо, транспорттук процесстердин технологиясы, темир жолдорунун кыймылдуу курамы; «Жерде жүрүүчү транспортту эксплуатациялоо» тармагында: автомобилдер жана автомобиль чарбасы, транспорттук жана технологиялык машиналарды жана жабдууларды эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча); «Транспорттук курулуш» тармагында: темир жолдорду куруу, жол жана жол чарбасы, автомобиль жолдору жана аэродромдор; «Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу» тармагында: ташууларды уюштуруу жана транспортто башкаруу (түрлөрү боюнча), кыймылдын коопсуздугу жана уюштурулушу; «Айыл чарба жана айыл чарба илимдери” багытында айыл чарбасын механизациялоо, Техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология багытында: инженер куруучу, «Курулуш» тармагында: автомобиль жолдорун куруу, «Гуманитардык илимдер» тармагында: юриспруденция.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү ченемдик-укуктук актыларды:
— Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
«Автомобиль транспорту жөнүндө»;
«Темир жол транспорту жөнүндө»; «Автомобиль жолдору жөнүндө»;
«Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө»;
«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/Министрлер Кабинетинин токтомдору:
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө».
Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
Жөндөмдүүлүгү:
— статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат өндүрүү;
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө системаларын колдонуу;
— ар кандай браузерлер менен иштөө;
— презентацияларды уюштуруу;
— маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдаланууга;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;
— кеңсе техникасы менен иштөө: көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү такта, факс.