Кыргыз Республикасынын Саламаттык cактоо министрлиги кадрлар резервине киргизүү үчүн төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык ачык тандоо конкурсун жарыялайт:
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик мамлекеттик башкы кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
Административдик мамлекеттик улук кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
Кесиптик компетенциялары:
Билими:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Жөндөмдөрү:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
— башкаруу чечимдерин тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик алуу;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
— көйгөйлөрдү чечүүдө инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
— конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
Көндүмдөр:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (кызматчылардын ортосунда буйруктарды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү;
— мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын алардын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү;
— башкаруу чечимдерин оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, жаңы формаларды издөө;
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана синтездөө;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү;
— жолугушууларды жана отурумдарды өткөрүү;
— эл алдында чыгып эркин сүйлөө ;
— мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
— компьютердик жана оргтехникага керектүү программалык продуктыларга ээ болуу
Административдик мамлекеттик улук кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
Кесиптик компетенциялары:
Билими:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Жөндөмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.
Административдик мамлекеттик кенже кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
Кесиптик компетенциялар:
Билими:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Жөндөмдөрү:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— команда менен иштөө:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Административдик мамлекеттик башкы кызмат орундарына квалификациялык талаптар (АКИКЖжУИБ):
Кесиптик билим деңгээли:
— «саламаттык сактоо» багытындагы дарылоо иши, педиатрия, медициналык-профилактикалык иш багыты; саламаттык сактоодогу менеджмент, «гуманитардык илимдер» багыты боюнча юриспруденция, эл аралык мамилелер, филология, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, социалдык илимдер, «педагогикалык билим берүү” педагогика тармагындагы жогорку билими.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциялары:
Билими:
— Кыргыз Республикасынын «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-октябрындагы №614 «Архивдик документтерди сактоонун айрым маселелери жөнүндө» токтому;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси”;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-ж. 15-ноябрындагы №249 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө” жобосу.
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү
Административдик мамлекеттик башкы кызмат орундарына
квалификациялык талаптар (БСжФТБ):
Кесиптик билим деңгээли:
— “экономика жана башкаруу”, “экономикалык жана социалдык пландаштыруу” багыттары боюнча экономика, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит багытындагы жогорку билими;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтардагы стажын кошкондо 3 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик тармактагы иш стажы 5 жылдан кем эмес.
3. Кесиптик компетенциялары:
Билими:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
— Кыргыз Республикасынын «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №182 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №249 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө” жобосу.
— өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларында, керектүү программалык продуктылары менен иштөөнү билүүгө тийиш.
Административдик мамлекеттик улук кызмат орундарына
квалификациялык талаптар (БСжФТБ):
Кесиптик билим деңгээли:
— “экономика жана башкаруу”, “экономикалык жана социалдык пландаштыруу” багыттары боюнча экономика, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит багытындагы жогорку билими;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтардагы стажын кошкондо 1 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик тармактагы иш стажы 3 жылдан кем эмес.
3. Кесиптик компетенциялары:
Билими:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
— Кыргыз Республикасынын «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №182 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №249 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобосу”.
— өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларында, керектүү программалык продуктылары менен иштөөнү билүүгө тийиш.
Административдик мамлекеттик улук кызмат орундарына
квалификациялык талаптар (АРжУКБ):
Кесиптик билим деңгээли:
— «гуманитардык илимдер боюнча юриспруденция багытындагы жогорку билими;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтардагы стажын кошкондо 1 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик тармактагы иш стажы 3 жылдан кем эмес.
3. Кесиптик компетенциялары:
Билими:
— Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодекси;
— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жыл 15-ноябрындагы №249 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө” жобосу.
— өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларында, керектүү программалык продуктылары менен иштөөнү билүүгө тийиш.
Административдик мамлекеттик улук кызмат орундарына
квалификациялык талаптар (КССБ):
Кесиптик билим деңгээли:
— «саламаттык сактоо» багытындагы санитария-гигиена, дарылоо-профилактикалык жардам жана аскердик тармагындагы жогорку билими;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтардагы стажын кошкондо 1 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик тармактагы иш стажы 3 жылдан кем эмес.
3. Кесиптик компетенциялары:
Билими:
— Кыргыз Республикасынын «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №249 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө” жобосу;
— өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларында, керектүү программалык продуктылары менен иштөөнү билүүгө тийиш
Административдик мамлекеттик кенже кызмат орундарына
квалификациялык талаптар(БСжФТБ):
Кесиптик билим деңгээли:
— “экономика жана башкаруу”, “экономикалык жана социалдык пландаштыруу” багыттары боюнча экономика, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит багытындагы жогорку билими;
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт
3. Кесиптик компетенциялары:
Билими:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
— Кыргыз Республикасынын «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №249 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобосу”.
— өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларында, керектүү программалык продуктылары менен иштөөнү билүүгө тийиш.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди алып келүү керек:
– жеке арыз;
– резюме (электрондук дареги көрсөтүлүүгө тийиш),
— өмүр баяны:
— соттуулугу жок экендиги тууралуу маалым кат;
— негизги, кошумча (эгерде, бар болсо) билимин тастыктоочу документтеринин нотариалдык же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
— эмгек китепчесинин (эгерде, иш стажы бар болсо) нотариалдык же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
— окумуштуулук даражасы же окумуштуулук наамы тууралуу документтеринин көчүрмөсү (эгерде, бар болсо);
— Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Бардык документтер көктөмөгө тигилип, министрликтин med.кg сайтында жарыяланган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде (2025-жылдын 29-январынан тартып 2025-жылдын 8-февралына чейин) Бишкек ш., Московская көчөсү 148 дарегиндеги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Адам ресурстары жана укуктук камсыздоо башкармалыгына №3 кабинетке (саат 9.00дөн 18.00гө чейин) берилүүгө тийиш. Маалымат алуу үчүн телефон: +996 312 660548.
Жарыя: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин med.кg сайтына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин www.mkk.gov.kg сайтына жайгаштырылды.
Эскертүү: Коюлган талаптарга туура келген конкурсанттар конкурска катышууга чакырылат. Байланыш телефондорун жана электрондук почталарын көрсөтүүлөрү зарыл.