Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын кадрлар резервине киргизүү башкы, улук жана кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт:
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
Башкы административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
4.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
5.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
6.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
7.Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
8.Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Маалымат алуу укугу жөнүндө»;
9.Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.
Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
4.Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
5.Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет
1.1. Айлана-чөйрөнүн булгануусун байкоо башкармалыгынын башчысынын кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери анын ичинен химия, жаратылышты колдонуу жана экология, гидрометеорология, биоэкология, жер кыртышынын билими, экологиялык инженерия; жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология анын ичинен колдонмо гидрометеорология, техносфералык коопсуздук; экономика жана башкаруу.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө”, “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө” токтомун, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
— айлана чөйрөнүн мониторингин жүргүзүү системасын жана тартибин билүү;
— айлана чөйрөнүн байкоо жүргүзүү берилиштерин чогултуу, иштетүү жана сактоо тартибин жана системасын билүү;
— лабораториясынын иштөөсүн метрологиялык камсыздоосун билүү;
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүүнү билүү,
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында көрө билүү;
— алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөнү;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү билүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3. Көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды иш жүзүндө колдонуу көндүмү;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү.
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет
1.1. Өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башкы адисинин кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш анын ининен архитектура, курулуш, өндүрүштүк жарандык курулуш; электротехника жана электротехника анын ичинен жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы, электроэнергетика жана электротехника, энергетика, гидротехникалык курулуш.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын
15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 5-апрелиндеги № 3-нпа буйругу менен бекитилген “Кыймылсыз мүлктөрдүн курулушу жана башка өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн долбоордук документтерге мамлекеттик эмес экспертиза жүргүзүү жөнүндө”, 2018-жылдын 11-июнундагы № 13-нпа буйругу менен бекитилген “Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө” жоболорун, 2016-жылдын 27-майындагы № 5-нпа буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө” эрежелер топтомун.
3.2. Билгичтиги:
— курулушка жана оңдоо иштерине техникалык шарттарды жана уруксат алууну билүү;
— Кыргызгидрометтин курулуштарын жана имараттарын оңдоо иштерин өткөрүүгө финансылык ресурстарды пландоого эсептерди даярдоону уюштурууну билүү;
— иштелип чыккан долбоордук документацияны кабыл алууга катышуу, объекттердин курулушуна жана оңдоосуна түзүлгөн сметтик ченемдерди текшерүүнү билүү;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоону билүү;
— командада иштөө.
3.3. Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү/
1.2. Эл аралык кызматташтык секторунун башкы адисинин кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гуманитардык илимдери анын ичинен эл аралык мамилелер, чыгыш таануу, лингвистика, аймак таануу, европа таануу, кытай таануу, англис тили, юриспруденция; табият таануу илимдери анын ичинен жаратылышты колдонуу жана экология, гидрометеорология, техносфералык коопсуздук. Жогорудагы аталган адистиктер боюнча кошумча жана экинчи билими кубатталат.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгууну билүү;
— түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүүнү билүү;
— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында көрө билүү;
— алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөнү билүү;
— англис тилинде иштиктүү кат алышууну билүү;
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;
— мекемелер аралык өз ара аракеттенүү;
— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3. Көндүмдөрү
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу көндүмү;
— ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды иш жүзүндө колдоно билүү;
— презентация ыкмаларын билүү жана долбоорлорду иштеп чыгуу (инновациялык, инвестициялык);
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү.
1.3. Кадрлар жана иш кагаздар бөлүмүнүн башкы адисинин кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гуманитардык илимдери, табият таануу илимдери, техникалык илимдери, социалдык илимдери, физика-математика илимдери, педагогикалык билим берүү, экономика жана башкаруу анын ичинен персоналдарды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент; эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар; китепкана таануу жана документ жүргүзүү; агроэкология.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу” Мыйзамдары;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 61 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 24 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө”, 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 169 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө” Жарлыктарын;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын
15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө” жобону.
3.2. Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткарууну билүү;
— документтерди, маалыматтарды, суроо талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоону билүү;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташууну билүү;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоону билүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— командада иштөө.
3.3.Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык камсыздоолорду колдоно билүү.
Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет
1.1. Эл аралык кызматташтык секторунун жетектөөчү адисинин кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гуманитардык илимдери анын ичинен эл аралык мамилелер, чыгыш таануу, лингвистика, аймак таануу, европа таануу, кытай таануу, англис тили, юриспруденция, журналистика; табият таануу илимдери анын ичинен жаратылышты колдонуу жана экология, техносфералык коопсуздук, гидрометеорология. Жогорудагы аталган адистиктер боюнча кошумча жана экинчи билими кубатталат.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын
15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
— мамлекеттик, расмий жана чет тилдеринде (англис) сүйлөй алышын билүү;
— жазуу жана сүйлөшүү түрүндөгү англис тилин жакшы билүүсү;
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткарууну билүү;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоону билүү;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоону билүү;
— англис тилинде иштиктүү кат алышууну билүү;
— командада иштөө.
3.3. Көндүмдөрү:
— презентация ыкмаларын билүү жана долбоорлорду иштеп чыгуу (инновациялык, инвестициялык);
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу.
1.2. Бухгалтериялык эсеп жана отчёттуулук бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика жана башкаруу, экономика, финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит, бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук, финансы жана кредит.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— эмгек стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
— Кыргыз Республикасынын “Бухгалтериялык эсеп жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын
15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону;
-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын
25-декабрнын №137 “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчёттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругун.
3.2. Билгичтиги:
— “1С бухгалтерия” программасын жогорку деңгээлде билүү жана сертификатынын болуусу.
— “1-С” бухгалтерия программасы менен иш жүзүндө иштөөдөгү көндүмдөрү;
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткарууну билүү;
— документтерди, маалыматтарды, суроо талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоону билүү;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоону билүү;
— командада иштөө.
3.3.Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
-жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме (электрондук почта, ИИН көрсөтүү жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), сүрөтүн;
-керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, 2025-жылдын 6-февралынан 24-февралына чейин жарыя чыккан күндөн тартып төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Бишкек шаары, Керимбекова көч., 1, Кадрлар жана иш кагаздар бөлүмү 1-кабат, каб.101 тел.:0312 316290, 314699. Толук маалыматты КР ӨКМнин (www.mes.gov.kg), Гидрометеорологиялык кызматынын (www.meteo.kg) сайттарынан алса болот.
Толук маалыматты КР ӨКМнин (www.mes.gov.kg), Гидрометеорологиялык кызматынын (www.meteo.kg) сайттарынан алса болот.