Тогуз-Торо районунун Каргалык  айыл  аймагынын  айыл өкмөтү  башкы  жана  улук  топтогу   административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

 

Каргалык айыл өкмөтүнүн  башкы  топтогу административдик  муниципалдык кызмат орундарына  квалификациялык талаптар:

 

Орун басар-жооптуу катчы боюнча (1 штаттык бирдик)

1). Кесиптик билимдин деңгээли:

—   Жогорку  билим (баардык багыттагы);

2). иш стажы жана тажрыйбасы:

—  жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;

3). Кесиптик компетенттүүлүгү:

—   төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндөгү Конституциялык мыйзамы”;

Кыргыз Республикасынын “Жер кодексин”;

Кыргыз Республикасынын “Суу кодексин”;

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;

Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”;

Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндө”;

Кыргыз Республикасынын Эмгек  кодекси”;

Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын  “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын  “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 02-февралындагы  №24 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген  Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү      өз алдынча  башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын  жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн  ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн  жана иштөөсүнүн тартиби  жөнүндө жобо;

Кыргыз  Республикасынын 2022-жылдын 02-февралындагы №25 Президенттин Жарлыгы  менен  бекитилген  иштеген жылдары үсүн  пайыздык үстөк  акыларды төлөө  үчүн  мамлекеттик кызматтын  жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо;

Кыргыз  Республикасынын 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Президенттин Жарлыгы  менен бекитилген  Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик  жана муниципалдык кызмат орундарынын  реестрин бекитүү жөнундө жобо;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында  өзгөчө кырдаалдардын  классификациясын  жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республиксынын  Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы №212 “Аймактарды топторго, уюумдарды -Жарандык  коргонуу  боюнча  категорияларга  киргизүү  тартибин бекитүү  жонүндө” Токтому;

Кыргыз Республиксынын  Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы №213 Жарандык  коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн  тартиби жөнүндө жобону бекитүү  тууралуу” Токтому;

Кыргыз Республиксынын  Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы  №597 “Өзгөчө  кырдаалдардан келтирилген зыянды  баалоонун тартибин бекитүү  жөнүндө” Токтому;

Кыргыз Республиксынын  Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы  №219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле  материалдык  жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому;

Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн  2019-жэылдын  18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун  мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун билүүсү

зарыл.

Адам ресурстарын башкаруу жаатында;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

  • билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө;

өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

  • көндүмдөрү:

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу билүү;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Каргалык айыл өкмөтүнүн  улук  топтогу административдик  муниципалдык кызмат орундарына  квалификациялык талаптар:

 

Бөлүм  башчысы – кызмат боюнча ( 1 штат бирдик)

 

1).  Кесиптик билимдин деңгээли:

—     тийиштүү багыттагы жогорку билим (Экономика жана менеджмент адистигиндеги);

2).  Иш стажы жана тажрыйбасы:

—   жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3).  Кесиптик компетенциялары:

—    төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”;

Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;

Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жонундо Кодекси”;                                                               Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө »,                                                        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын;

билүүсү зарыл.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

  • билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага топтоп тапшыруу керек:

Талап кылынуучу документтер:

 

-жеке арызы;

-кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;

-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү  жана  сүрөтү  менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

-паспорттун көчүрмөсү;

    Жөнөткөн документтери толук  эмес,  ошондой эле, белгиленген  талапка жооп бербеген жарандарга  конкурска катышууга  уруксат берилбейт.

    Конкурска катышууга уруксат берилгендерге конкурстун өткөрүлүшүнүн күнү,  орду  жана  убактысы  кошумча  билдирилет.

 Документтерди кабыл  алуу  Каргалык  айыл өкмөтүндө  2025-жылдын  27-февралынан тартып   2025-жылдын  13 -мартка   чейин  кабыл алынат.

Толук  маалымат  www.mkk.gov.kg  сайтында  жайгаштырылган.

Документтер жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек  боюнча кабыл алынат:

 Дареги: Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Акимбаев көчөсү №81,  байланыш үчүн тел: 0777- 12-65-70,  0707-66-20-58, 03738-5-00-29.