Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык Датка айыл аймагынын айыл өкмөтү төмөндөгү кадрлар резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт.
Жарыянын мазмуну
Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына (социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы) квалификациялык талаптар:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим (Финансылык, экономика жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, тейлоо сферасы);
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенциялары:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:
- “Билим берүү жөнүндөгү”мыйзамдар;
- “Сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдары.
- Кыргыз Республикасынын Бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;
-билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
- көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер керектелет:
- жеке арызы
- резюме
- өмур баян( соттолгон же соттолбогондугун көрсөтүү менен)
- кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы(нотариустан тастыктоо менен)
- фото сүрөт 2 даана
- паспортунун же инсандыгын күбөлөндүрүүчү башка документинин көчүрмөсү
- зарыл кесиптик билими, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү).
- Диплому (нотариустан тастыктоо менен)
- Аскердик билетинин көчүрмөсү (эркек кишиге)
Документтер жарыя чыккан күндөн 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү даректе кабыл алынат. Датка айылдык аймагы, Шарк айылы Датка айыл өкмөтүнүн кеңсеси
Телефон: 0709555722, 0990 60 20 05