Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын кенже тобун ээлөө үчүн кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.
Конкурстка катышуу үчүн 2025-жылдын 7-апрелинен тартып 18-апрель күнү кошуп (9:00-17:00) документтерди төмөнкү дарек боюнча алып келүү керек: Бишкек шаары,
Тыныстанов көчөсү 120 дареги, каб. № 204 кадр бөлүмү, тел.: (0312) 66-32-97.
Конкурстун толук шарттары-тиркелген файлда.
Документтердин толук пакетин тапшырбаган, ошондой эле коюлган талаптарга ылайык келбеген талапкерлер конкурска киргизилбейт.
Квалификаялык талаптар
(Талас облусу боюнча өкүлчүлүк)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: юриспруденция; мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу.
2. Стаж жана иш тажырыйбасы:
– иш стажына карата талаптарды коюусуз.
3. Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1. Билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү Нускама.
Предметтик мыйзам ченемдер:
4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
5) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы
(Омбудсмени) жөнүндө»;
6) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
7) «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»;
8) «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө»;
3.2. Билүүсү:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, жоопторду жана суроо-талаптарды сапаттуу даярдоо;
– тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
– кызмат орундук милдеттерге ылайык, өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
– мамлекеттик жана\же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуулар;
– командада иштөө;
– кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү;
– КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу;
3.3. Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– ар жылдык жана атайын баяндамаларга карата материалдарды даярдоо;
– жарандардын кайрылууларын кароо;
– жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.
Борбордук мамлекеттик органдарга сынактар (Бишкек шаары боюнча)
Борбордук мамлекеттик органдарга сынактар (Бишкек шаары боюнча)
Вакансии по центральным государственным органам (по г.Бишкек)