Раззаков шаарынын мэриясынын административдик муниципалдык кызматтын УЛУК тобуна кадрлар РЕЗЕРВине киргизүү боюнча АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ. I.Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: Административдик кызмат орундарынын УЛУК тобу үчүн: – жогорку билим; – жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес стажы. Талапкерлер негизги тесте төмөнкү ЧУАды билүүсү шарт: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: Өзүнүн арызы Резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы); Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; Паспорттун көчүрмөсү (кошумча). Талап кылынган документтер 2025 – жылдын 01-май күнү саат 16-00 гө чейин төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: 720400, Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү – 21, Раззаков шаарынын мэриясы. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефону: 5-00-85; 5-02-44. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Лейлек райондук ветеринардык башкармалыгы улук жана кенже мамлекеттик административдик жарандык кызмат орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт. Орозбеков айыл өкмөтү муниципалдык кызматтын улук жана кенже топтогу административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт: