Ош шаарынын мэриясынын административдик кызмат орундарынын башкы жана улук топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынактын тексти

 

  1. Административдик кызмат орундарынын улук тобу.

 

Кесиптик билиминин деңгээли:

— жогорку билим (экономика жана башкаруу багытындагы, аудит жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сертификаты);

— жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби  жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

-“Кыргызтест” системасы боюнча кызматтык жана функцияларды милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө орто деңгээлден (В1) төмөн эмес сертификатка ээ болуу.

 

  1. Административдик кызмат орундарынын башкы тобу.

 

Кесиптик билиминин деңгээли:

-жогорку билим (экономика жана башкаруу, гуманитардык жана педагогикалык багыттарындагы);

-жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби  жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

-“Кыргызтест” системасы боюнча кызматтык жана функцияларды милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө орто деңгээлден (В1) төмөн эмес сертификатка ээ болуу.

 

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл:

 

  1. Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (муниципалдык кызмат ордунун тобун көрсөтүү менен);
  2. Резюме (бекитилген формага ылайык жана электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин, көрсөтүү менен)
  3. Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
  4. Сүрөт 4х6;
  5. Паспортунун көчүрмөсү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  6. Аскердик билетинин көчүрмөсү;
  7. Өмүр баян (өз колу менен жазылган);
  8. Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  9. Эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу документтеринин нотариус аркылуу же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

 

Сынакка катышуу үчүн жогорудагы документтерди 2025-жылдын                            24-майы саат 18:00 гө чейин Ош шаарынын мэриясынын адам ресурстарын башкаруу секторуна (210-кабинет) тапшыруу зарыл.

 

  • Эскертүү: биометрикалык паспорт ээлеринен “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жашап жаткандыгы тууралуу тастыктоочу маалымкат (справка с места жительства) талап кылыныт.
  • Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн талапкерлердин документтери бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана электрон дареги так көрсөтүлүшү керек.

 

Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү 221, кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: (03222) 5-50-79.