Конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт: – сынактын катышуучуларынын документтеринин мамлекеттик кызматчыларга коюлган талаптарга ылайык келүүсүн кароо; – мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү; – аңгемелешүү. Кызматтардын улук тобун ээлөөгө кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек: 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – Жогорку билим. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. 3. Кесиптик компетенциялар: – жалпы мыйзамдарды билүү: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; 3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; 5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү. – билгичтиги: • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; • аналитикалык документтерди даярдоо; • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; • эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; – көндүмдөрү: • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Иш менен камсыз кылуу бөлүмү (Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов райондору боюнча), маалыматтык технологиялар жана ЭРМС Call-борбору, кесиптик окутуу, кесиптик багыт берүү, топтоо- аналитикалык бөлүмдөрүнүн улук топтогу кызмат орундары 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер. – предметтик мыйзамдарды билүү: 1) Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы; 2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө” Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” Мыйзамы. Адамдык ресурстарды башкаруу жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн улук топтогу кызмат орундары: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер – предметтик мыйзамдарды билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси; 2) Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы. Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн улук топтогу кызмат орундары: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: экономика жана башкаруу. – предметтик мыйзамдарды билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси; 2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы. Кызматтардын кенже тобун ээлөөгө кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек: 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – Жогорку билим. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – Иш стажы талап кылынбайт. 3. Кесиптик компетенциялар: – жалпы мыйзамдарды билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү. – билгичтиги: • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо; • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; • командада иштөө; – көндүмдөрү: • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Иш менен камсыз кылуу бөлүмү (Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов райондору боюнча), маалыматтык технологиялар жана ЭРМС Call-борбору, кесиптик окутуу, кесиптик багыт берүү, топтоо-аналитикалык бөлүмдөрүнүн кенже топтогу кызмат орундары 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер. – предметтик мыйзамдарды билүү: 1) Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы; 2) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы. Адамдык ресурстарды башкаруу жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кенже топтогу кызмат орундары 1) кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер – предметтик мыйзамдарды билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси; 2) Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы. Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн кенже топтогу кызмат орундары: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: экономика жана башкаруу. – предметтик мыйзамдарды билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси; 2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы. Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет: – жеке арыз; – кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөт менен; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); – автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); – паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек); – соттолбогондугу жөнүндө маалымкат. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 19-майынан 30-майына чейин. Көрсөтүлгөн документтер көктөмөгө көктөлүп Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгында Бишкек ш. Токтогул, 237, саат 9:00дөн 17:30гө чейин. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыңыз: (0312) 64-16-85, 65-58-68 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту