Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айыл өкмөтү административдик муниципалдык кызмат орундарынын төмөнкү топтору боюнча Төлөк айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык конкурс жарыялайт:

– административдик муниципалдык бош кызмат орундарынын улук тобунун ээлөөсүнө

 

Төлөк айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

1. Кыргыз Республикасынын жараны болушу;

2. Кеминде 18 жашта болушу;

3. Кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү.

Талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1.Административдик муниципалдык орундарынын улук тобу (социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы) үчүн:

– тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим (финансалык, экономика жана башкаруу, бухгалтердик эсеп, аудит, салыктар жана салык салуу, юридикалык)
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиби чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
– негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы; – КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтому менен
бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; – предметтик тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү:
– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы.
– Кыргыз Республикасынын Салык кодекси.
– Кыргыз Республикасынын Бюжеттик кодекси.

2. Административдик муниципалдык орундарынын улук тобу (Инвестиция жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис) үчүн:

– тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим (финансалык, экономика жана башкаруу, бухгалтердик эсеп, аудит, салыктар жана салык салуу, юридикалык)
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиби чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
– негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы; – КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтому менен
бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; – предметтик тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү:
– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы.
– Кыргыз Республикасынын Бюжеттик кодекси
– «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы.
Тандоого катышуу үчүн папкага тигилген төмөнкү дөкументтер тапшырылат: – административдик муниципалдык кызмат тобун көрсөтүлгөн өзүнүн арызы;
резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
– өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча
билимин ( бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.

Документтер Москва району, Спартак а., Ленин к. 84 Төлөк айыл өкмөтүнүн имараты дарек боюнча 2025-жылдын 30-майынан баштап 13-июнунун саат 17.00го чейин кабыл алынат. Байланыш телефон +996551002473