Башкы адис (С-Б) Адис (М-Б) Жана вакант административдик кызмат орунга ачык конкурс жарыялайт Жетектөөчү адис (М-А) Кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар Жогорку билим; (экономика, маркетинг, юриспруденция, ж.о) Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. Көндүмдөрү: Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; Мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү. Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Жобо; КР 2002-жылдын 29-апрелиндеги N 76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-ж. “22” 01 № 1-Б буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча” жобо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы N 823 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө” жобо. Кыргыз Респубикасынын 2003-жылдын 30-августу № 201 “Үй бүлөө кодекси” Кыргыз Респубикасынын 2012-жылдын 10-июлу № 100 “Балдар жөнүндө кодекси” Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: – Жеке арызы, резюме. – Кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баян. – Өздүк таржымал (соттолбогондугу бар же жок экендиги ж-ө маалыматты көрсөтүү менен). – 3*4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт. – Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт). – Билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмө нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек). – Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмө нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек). – Кошумча билиминин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтер, окумуштуулук наамы болсо көчүрмөсү. Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипте жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт. Талапкерлерден документтер 2025-жылдын 1-июлдан – 10-июлдун саат 12-00 чейин Чолпон-Ата ш. Совет көч. № 75А кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү тел. кайрылыныздар (03943) 4-20-81 (факс), (03943) 4-24-70, 0704329057. Жазуулар боюнча багыттоо Ысык-Көл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик кызмат орунга кадрлар резервине киргизүү үчүн вакант административдик кызмат орунга ачык конкурс жарыялайт Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү улук административдик муниципалдык кызмат орунуна дайындоо үчүн кадрлардын резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт