Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айыл өкмөтү административдик муниципалдык кызмат орундарынын төмөнкү топтору боюнча Төлөк айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт: – административдик муниципалдык бош кызмат орундарынын улук тобунун ээлөөсүнө Төлөк айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек: 1. Кыргыз Республикасынын жараны болууга; 2. 18 жаштан жогору; 3. Кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү. Талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: 1. Административдик муниципалдык орундарынын улук тобу (социалдыкэкономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы) үчүн: – тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим (финансалык, экономика жана башкаруу, бухгалтердик эсеп, аудит, салыктар жана салык салуу, юридикалык) – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиби чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы; – негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы; – КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; – предметтик тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү; – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Салык кодекси – Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси. 2. Административдик муниципалдык орундарынын улук тобу (Инвестиция жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис) үчүн: – тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим (финансалык, экономика жана башкаруу, бухгалтердик эсеп, аудит, салыктар жана салык салуу, юридикалык) – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиби чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы; – негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы; – КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; – предметтик тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү: – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы. – Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси – «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы. Тандоого катышуу үчүн папкага тигилген төмөнкү дөкументтер тапшырылат: – административдик муниципалдык кызмат тобун көрсөтүлгөн өзүнүн арызы; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); – өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ( бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү; Документтер Москва району, Спартак а., Ленин к. 84 Төлөк айыл өкмөтүнүн имараты дарек боюнча 2025-жылдын 9-июлунан 22-июлунун саат 17.00го чейин кабыл алынат. Байланыш телефон +996551002473 Жазуулар боюнча багыттоо Сокулук районунун Кожомкул айыл өкмөтү ачык сынак жарыялайт Кемин районунун Чым-Коргон айыл өкмөтү ачык сынак жарыялайт