Майлуу-Суу шаарынын мэриясы улук жана кенже кызмат орундары
боюнча кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык конкурс
жарыялайт
УЛУК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим бардык профилдеги багыттар боюнча.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
-жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат
стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем Эмес иш стажы;
Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо
тартиби
жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук
актылары жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”
Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө”мыйзамы.
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №
120
токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын
жүргүзүү боюнча типтүү нускама”
– Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамы
КӨНДҮМДӨР:
-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон денгээлде
мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
– -компютердик жана оргтехникага, керектүү программалык
продукталарга (ворд,экзел) ээ болуу;
КЕНЖЕ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА
ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку же атайын орто кесиптик билим бардык профилдеги багыттар
боюнча.
№ 01-11-128, 17.07.2025 Кол койгон: Султанбаев Р.Т., 17.07.2025
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– Стажына карата талап коюлбайт;
Төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү зарыл:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №
120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш
кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
КӨНДҮМДӨР:
– Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада
колдонуу;
– -компютердик жана оргтехникага, керектүү программалык
продукталарга (ворд,экзел) ээ болуу;
КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР
ТАПШЫРЫЛАТ:
– Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз;
– Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
– Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты
көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги
жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин
көчүрмөсү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек
китепчесинин көчүрмөсү;
– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө
документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
– Паспорттун көчүрмөсү.
Документтер жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн
ичинде кабыл алынат.
Дареги: Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу шаары, Ленина көчөсү
135-а мэриянын имаратынын 316-кабинет байланыш телефону: 03744
5-29-22
Аппарат жетекчи Р.Султанбаев
Атк: Тел. 03744 5-29-22
№ 01-11-128, 17.07.2025 Кол койгон: Султанбае