Шопоков шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде башкы, улук жана кенже кызмат тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.
Муниципалдык административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарынын жалпы жобосу
Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
• Кыргыз Республикасынын жараны;
• соттуулугу жок;
• 18 жаштан кем эмес.
Билими: Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
6) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
11) Кыргыз Республикасынын Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамы
Аппарат жетекчи (Б-Б) 1 штаттык бирдик
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Профессионалдык компетенциясы
— билүүсү талап:
1) Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2- февралындагы ПЖ №25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобо;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2- февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” жобосун;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31- майындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика Кодексин бекитүү тууралуу” № 171 Жарлыгы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24- июлундагы №462 “Эмгек китепчесинин формасын, эмгек китепчесиндеги кошумчалырдын формасын жана эмгек китепчелерин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
— адам ресурстарын башкаруу боюнча
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
— билгичтиги:
иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, пландоо, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө;
өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
— көндүмдөрү:
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда
тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон
программалык продуктуларды колдоно билүү.
Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
Билими: Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо
тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
7) Кыргыз Республикасынын “ Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамы.
Каржы-экономикалык секторунун башчысы (У-А), 1- штаттык бирдик
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– экономика жана менеджмент, финансы, салыктар, бухгалтердик эсеп жана аудит, боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Профессионалдык компетенциясы
— билүүсү талап:
1) Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2- февралындагы ПЖ №25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобо;
5) Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
— жөндөмдөр:
маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык жана стратегиялык документтерди даярдоо;
тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; жаңы эмгек шарттарына көнүү
— көндүмдөр:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу;
Кирешелер боюнча башкы адис (У-Б), 1- штаттык бирдик
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– экономика жана менеджмент, юриспруденция финансы, салыктар жана салык салуу багыттары, бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Профессионалдык компетенциясы
— билүүсү талап:
1) Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
2) Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекси;
3) Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
жөндөмдөр:
— маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди даярдоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
— кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
— коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— жаңы эмгек шарттарына көнүү.
көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
— компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу;
Социалдык маселелер жана мамлекеттик тил боюнча башкы адис (У-Б), 1- штаттык бирдик
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Профессионалдык компетенциясы
— билүүсү талап:
1) “Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамы.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
жөндөмдөр:
— маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
— кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
— коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— жаңы эмгек шарттарына көнүү
көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
— компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу;
Юрист жана инвестицияларды тартуу боюнча башкы адис (У-Б)
1- штаттык бирдик
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку юридикалык билим;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Профессионалдык компетенциясы
— билүүсү талап:
1) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамы;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
жөндөмдөрү:
— жогору турган жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана /же расмий тилде иштиктүү кат алышуу; командалык иш;
көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөо жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Кенже категориядагы административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:
Билими: кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
Жер суроолор жана муниципалдык менчик боюнча жетектөөчү адис (К-А) 1- штаттык бирдик
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, топурак таануу, картография, агрономия, агрохимия жана топурак таануу, айыл чарба, зоотехника, юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент багыттары боюнча жогорку же орто кесиптик кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Профессионалдык компетенциясы
— билүүсү талап:
1) “Кыргыз Республикасынын жер кодекси”;
2) Кыргыз Республикасынын турак жай кодекси
3) Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамы;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
жөндөмдөр:
— маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
— кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
— коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— жаңы эмгек шарттарына көнүү
көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
— компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу;
Коомдук саламаттыкты сактоо жана билим берүү боюнча жетектөөчү адис (К-А), 1- штаттык бирдик
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку же орто кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– Иш стажысына талаптар коюлбайт.
Профессионалдык компетенциясы
— билүүсү талап:
1) “Кыргыз Республикасынын “Билим берүү” Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамы;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
жөндөмдөр:
— маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
— кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
— коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— жаңы эмгек шарттарына көнүү
көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу;
— компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу;
Жаштар саясаты, спорт, турак-жай коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адис (К-А), 1- штаттык бирдик
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку же орто кесиптик билим.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— Иш стажысына талаптар коюлбайт.
3) Профессионалдык компетенциясы билүүсү талап:
1) Кыргыз Республикасынын “Өрт коопсуздугу жөнүндө” мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамы
3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” мыйзамы,
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— эмгектин жацы шарттарына адаптациялашуу;
көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштее жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Иш кагаздарын жүргүзүү, уюштуруу жана маалымат боюнча адис (К-Б) 1- штаттык бирдик
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку же орто кесиптик билими;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Профессионалдык компетенциясы
— билүүсү талап:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№3 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
2) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамы;
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;
көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөо жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкүдөй документтер тапшырылат, алар милдеттүү түрдө (Дело №) төмөнкү ырааттуулукта берилет:
• муниципалдык кызматтын тобун көрсөтүү менен жеке арыз;
• кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
• 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт;
• резюме (электрондук почтаны көрсөтүү, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
• негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болгондо);
• илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
• өмүр баян;
• паспорттун көчүрмөсү.
Сынакка катышуу үчүн бардык талапкерлер документтерин өз убагында тапшырышы керек
2025-жылдын 22-июлунан баштап 2025-жылдын 04-августуна саат 8-30 дан 17-30 га чейин. Чүй облусу, Сокулук району, Шопоков шаары, Ленин көчөсү №21, Шопоков шаарынын мэриясынын дарегине кайрылыңыз, телефон: (0-3134) 5-81-81.
Ошондой эле онлайн форматта «e-Kyzmat» АМТ аркылуу өтүнмө жиберсе болот.
Эскертүү: Бардык квалификациялык талаптардан өткөн конкурсанттар сынакка катышууга чакырылат, байланыш телефондорун көрсөтүшүңүз керек. Кабыл алынган документтер кайтарылбайт.