Чүй районунун Биримдик айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин квалификациялык талаптары.
Квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябырындагы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги №189 «Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2022-жылдын 21-февралындагы №35 буйругунун негизинде иштелип чыккан.
Муниципалдык административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарынын жалпы жобосу.
✓ Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
✓ Соттулугу жок;
✓ 18 жаштан жаш болбоого;
Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө»
Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөндөгү типтүү квалификациалык талаптар белгиленет
Жер маселелери жана муниципалдык менчик боюнча жетектөөчү адис ( К-А) – 1 штат
1.Кесиптик билим деңгээли:
— жогорку же орто кесиптик билим геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, айыл чарба, юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттары боюнча.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— кенже кызмат орундары — иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Профессионалдык компетенциялар:
Билими:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчик жѳнүндѳ» мыйзамы; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлѳмдѳ мамлекеттик же расмий тилди билүү.
Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; — мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө:
Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана практикада колдонуу; — компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Инвестицияны тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис ( К-А) – 1 штат
1. Кесиптик билим деңгээли:
— төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку билим: — жогорку же орто кесиптик билим Экономика жана финансы, Бухгалтердик эсеп жана аудит;
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
кенже кызмат орундары — иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Профессионалдык компетенциялар:
Билими:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси, «Мамлекеттик сатуулар жѳнүндѳ» жана «Бухгалтердик эсеп жѳнүндѳ» кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлѳмдѳ мамлекеттик же расмий тилди билүү.
Билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
— жеке арыз;
— конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандырууга тиркелген форма боюнча резюме;
— негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
— туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.
Сынакка катышуу үчүн бардык калоочуларга жогорудагы көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2025-жылдын 15-июлунан тартып 24- июлуна чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Чүй облусу, Чүй району, Биримдик айыл аймагы Кара-Дөбө айылы Айтбаев көчөсү № 7. Сурап билүү үчүн 0501-255-088 телефонуна кайрылсанар болот.