Өзгөн райондук маданият бөлүмү мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук
тобуна кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт
Улук топтогу административдик кызматтар үчүн:
Жогорку билим төмөнкү багыттар боюнча: «Маданият жана искусство», «Гуманитардык
илимдер», «Экономика жана башкаруу», «Социалдык илимдер», «Техникалык илимдер»,
«Педагогикалык билим берүү», «Маалыматтык технологиялар», «Эсептөө техникасы жана
маалыматтык технологиялар»;
Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же
тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Улук топ үчүн:
«Маданият жөнүндө» мыйзам;
«Жаштар жөнүндө» мыйзам;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №251
токтому «Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты маселелери жөнүндө»;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы
№233 токтому менен бектилиген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
регламенти жөнүндө».
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер папкага тиркелип тапшырылышы керек:
Жеке арызы;
Фото менен резюме (байланыш телефону жана электрондук почтасы көрсөтүлүшү зарыл);
Өмүр баян (автобиография);
Соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча
билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү
(иш стажы бар болсо);
илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин
көчүрмөлөрү;
Паспорттун көчүрмөсү.
Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.
Ачык сынакка андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген
талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так
көрсөтүлүшү керек.
Документтер 2025-жылдын 4-августунан 6-авгусутуна чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл
алынат:
Өзгөн шаары, Ленин көчөсү 123, Байланыш телефону: 0558209669, 0505509669
Жумуш убактысы: саат 8:30дөн 17:00гө чейин. Түшкү тыныгуу: 12:30дан 13:30га чейин.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн
жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.