Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы улук административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт Спорт иштери боюнча башкы адис – 2 штаттык бирдик (У–Б) : Квалификациялык талаптар: Жогорку билим (дене тарбия жана спорт адистигине артыкчылык берилет). Иш стажы жана эмгек тажрыйбасы: Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стаж. 3.Кесиптик компетенциялары: Негизги мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому. Предметтик мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” Мыйзам; Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын спорттук мекемелеринин типтүү жобосун жана типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомун 20.12.2024–ж. №776; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” №471 токтомун; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак–аштын акчалай нормалары жөнүндө” №7 токтомун; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы “Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө” №492 токтомун. Билгичтиги: Жетекчилердин тапшырмаларын сапатуу аткаруу; Суроо жооп маалыматтарды, документтерди сапатуу даярдоо; Тиешелүү чөйрөдө Ата–Мекендик жана эл аралык тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; Кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу аткаруу; Жарандардын кайрылуулары боюнча жооп даярдоо; Мамлекеттик жана расмий тилде кат алышуу. Көнүмдөрү: Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу; Ченемдик укуктук актыларды практикада колдонуу; Ишин пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү; Башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу; компьютердик сабаттуулук жана керектүү программаларды билүү (Windows, Word, Excel, Power Point, “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системалары). Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтер талап кылынат: Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын конкурстук комиссиясынын төрагасынын атына жазылган өздүк арыз; Адистик учёт боюнча өздүк баракча 4.5х6.5 өлчөмүндөгү сүрөтү менен; Билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариус тарабынан же иштеген жеринин башкармалыгы тарабынан тастыкталган); Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус тарабынан же иштеген жеринин башкармалыгы тарабынан тастыкталган); Өмүр баян (кол менен жазылган); Резюме Паспорттун же өздүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү (паспортунун же башка өздүгүн тастыктоочу документти конкурска келгенде көргөзүлөт); Илим даражасы жана илим наамы берилгендигин, квалификациясын жогорулаткандыгын тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү; Соттолбогону жөнүндө маалымкат; Дело (документтер үчүн). Документтер жарыя берилген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде төмөнкү даректе кабыл алынат: Талапкерлер документтерин Ош шаары, Карл Маркс көчөсү №1 дарегине тапшыруу зарыл. Байланыш үчүн телефон: 0(3222) 4–80–35 Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер сынакка катышууга чакырылат. Сынакты өткөрүү орду жана күнү кошумча кабарланат. Тапшырылган документтери коюлган талаптарга жооп бербеген атуулдар, конкурска чакырылбайт. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ош облустук статистика башкармалыгы