Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэриясы улук административдик муниципалдык кызмат орунун ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

 

1) Кербен шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А) 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

–    жогорку  билим: финансы-экономикалык багыттары боюнча.

  1. Кесиптик билимдин  деңгээли:

жалпысынан  1  жылдан  кем  эмес  мамлекеттик

жана/же  муниципалдык  кызматтагы  жыйынды  иш  стажы  же  тийиштүү  кесиптик

чөйрөдө  3  жылдан  кем  эмес  иш  стажы.

  1. Кесиптик  компетенттүүлүгү:

–     Төмөнкүлөрдүү  билүү:

    Кыргыз  Республикасынын  жалпы мыйзамдарын:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

2.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын;

3.Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамын;

4.Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамын;

5.Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама»;
  2. Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамын.

 

 

     Тиешелүү  тармактагы  мыйзамдарын:

– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин;

– Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын.

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

 

       Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

       Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка  катышуу  үчүн  документтер:

–   бош  кызмат  ордун  көрсөтүү  менен  жеке  арыз  ( контакттык  телефон  номери,

электрондук почтасын көрсөтүү  менен);

–   кадрларды  эсепке  алуу  боюнча  баракча,  2  даана  3х4  өлчөмүндөгү  сүрөтү  менен;

–   резюме,  сунуш  каттары,  өмүр  баян;

–   соттуулугу бар же жок экендиги тууралуу маалымкаты;

–   билими  жөнүндө,  квалификациясын  жогорулаткандыгы,  илимий  даража  же илимий  наам  ыйгарылгандыгы  жөнүндө  дипломдордун  көчүрмөлөрү,  эмгек китепчесинин,  паспортунун  көчүрмөлөрү,  аскер  билетинин  көчүрмөсү дипломдорунун  көчүрмөлөрү;

 

Конкурска катышууну каалаган талапкерлер “е-kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу электрондук форматта өтүнмө беришсе болот.

Сынакка  катышуу  үчүн  керектүү  документтер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин ведомстволук веб сайтына  жарыя жарыяланган  күндөн  тартып  10 календарлык  күн ичинде, б.а. 2025-жылдын 22-сентябрынан 2-октябрына саат 17.30 га чейин  төмөнкү  дарек  боюнча  кабыл  алынат:

Кербен  шаары,  Ныязалы  көчөсү  №7,  Кербен  шаарынын  мэриясы, Н.Багышбекова, Тел.: 0771001775, 0773106726