Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт. Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар: Айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы (У-А) (1 штаттык бирдик): 1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (Финансылык, экономика жана башкаруу); 2) иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Кесиптик компетенциялары: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамын. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндөгү” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис (У-Б) (1 штаттык бирдик): Кесиптик билимдин деңгээли: Жогорку билим – Геодезия жана жерге жайгаштыруу, Архитектура жана курулуш адистиктери, Юриспруденция, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Техникалык, Айыл чарба багыттары боюнча. Иш стажы жана тажрыйбасы: Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; КРнын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы; КРнын Мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын “этика кодекси” КРнын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”. КРнын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы; КРнын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы; КРнын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: КРнын Жер кодекси; КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”; КРнын Өкмөтүнүн “Айыл чарба багытындагы жер тилкелерин сатуу-сатып алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” 2001-жылдын 13-августундагы №427 токтому; Билгичтиги: “Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (КРнын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди; Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; Аналитикалык документтерди даярдоо; Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; Эмгектин жаңы шарттарына көнүү. Көндүмдөрү: Ченемдик укуктук актылдар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Коомдук коопсуздук боюнча башкы адис (У-Б) (1 штаттык бирдик): 1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (Юриспруденция, Укук тануу адистиктери боюнча, социалдык илимдер гуманитардык илимдер, педогогикалык билим беруу, табият таануу илимдери ) 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; КРнын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы; КРнын Мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын “этика кодекси” КРнын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”. КРнын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы; КРнын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы; КРнын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексин; Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Мыйзамын; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; административдик тартип бузуулар менен иштөө; экологиялык бузуулар; үй-бүлөлүк зомбулук; диний радикализм криминогендик кырдаалды көзөмөлдөө; пробация; жер мыйзамдарынын сактылышы; санитардык эпидемиологиялык мыйзамдардын ченемдеринин сакталышы; көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага топтоп тапшыруу керек: Талап кылынуучу документтер: -жеке арызы; -кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен; -резюме (электрондук почтаны көрсөтүү жана сүрөтү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); -нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; -нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); -илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; -паспорттун көчүрмөсү; Жөнөткөн документтери толук эмес, ошондой эле, белгиленген талапка жооп бербеген жарандарга конкурска катышууга уруксат берилбейт. Конкурска катышууга уруксат берилгендерге конкурстун өткөрүлүшүнүн күнү, орду жана убактысы кошумча билдирилет. Толук маалымат www.mkk.gov.kg сайтында жайгаштырылган. Документтер жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Дареги: Сузак районунун Бек-Абад айылы М.Сыдыков көчөсү №114, байланыш үчүн тел: 0778 929809, 0551 003722 Жазуулар боюнча багыттоо Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү