Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы жана улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт. Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-А) 1) кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим – (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика тармактарында). 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндөгү Конституциялык Мыйзамын”; Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”; Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамын. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин; Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинн; Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексин; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобосун; КыргызРеспубликасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобосун; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31 январындагы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” № 17 Жарлыгын. кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. Ой-Тал айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А) 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тийиштүү багыттагы жогорку билим – (Финансылык, экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, математика, информатика, маалымат коопсуздугу, тейлөө сферасы). 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенциялары: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жонундо Кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башкы адис-юрист кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тийиштүү багыттагы жогорку билим – (Юриспруденция, гуманитардык илимдер, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, финансылык). 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамын ; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: “Укук бузуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексин; Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамын. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Ой-Тал айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тийиштүү багыттагы жогорку билим – (Юриспруденция, укук тануу адистиктери боюнча, социалдык илимдер, гуманитардык илимдер, педогогикалык билим берүү , табият таануу илимдери). 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө Кодексин; Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексин; Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Мыйзамын. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Ой-Тал айыл өкмөтүнүн санариптештирүү, IT технология жана кирешелер боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тийиштүү багыттагы жогорку билим – (Автоматташтыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар адистиктери боюнча, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык-экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика тармактарында). 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексин”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Конкурска катышуу үчүн талап кылынуучу документтер (атайын көктөмөдө тиркелген) – жеке арыз; – өздүк каттоо баракчасы; – дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн); – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн); – паспорт (көчүрмөсү менен); – резюме; – өмүр баян (соттолгондугун же соттолбогондугун көрсөтүү менен); – 3х4 өлчөмүндө төрт даана сүрөт. Сынакка катышуучулардын документтери жарыя чыккан күндөн тартып 2025-жылдын 24-сентябрынан 8-октябрына чейин Ой-Тал айыл өкмөтүнүн конкурсттук комиссиясы (орунбасар-жооптуу катчы) тарабынан төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: Ош облусу, Кара-Кулжа району, Ой-Тал айыл өкмөтү, Сары-Бээ айылы, Ш.Курмантаев көчөсү, № 9. Сурап билүү үчүн (0778 54-23-15, 0558 54-23-15) телефон номуруна кайрылсаңыздар болот. Жазуулар боюнча багыттоо Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас айыл аймагынын айыл өкмөтү