Чүй районунун Бурана айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде башкы, улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиш керек: 1. Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары учун жалпы мыйзамдар: 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; 3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»; 4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; 5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; 6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»; 8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»; 9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; 10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. 2. Улук административдик муниципалдык кызмат орундары учун жалпы мыйзамдар: 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; 3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; 4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Башкы административдик муниципалдык кызмат ордуна: 1.Башчынын орун басары-жооптуу катчы (Б-А 1бирд.) Улук кызмат ордуна (У-А), (У-Б) 2.Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы (У-А 1бирд.) 3.Жер маселелери боюнча башкы адис (У-Б 1бирд.) 4.Айыл чарба экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча башкы адис (У-Б 1 бирд.) 5.Инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис (У-Б 1 бирд.) Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; • Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, САНАРИП, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы). Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага көктөп тапшыруу керек: -Өздүк арыз (конкурска катышуу боюнча) -Өздүк баракчасы -1 даана -4х6 өлчөмүндө сүрөт 4 даана -Эмгек китепчесинин көчүрмөсү -Паспорттун көчүрмөсү -Резюме -Дипломдун көчүрмөсү -Өмүр баян -Соттуулугу боюнча аныктама (справка о не судимости) Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген талаптарга жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумуш күн ичинде төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек : Чүй району, Ак-Бешим айылы, Дордош көчөсү 15, байланыш телефону :0997930087, 0500-228-641. Жазуулар боюнча багыттоо Сокулук районунун Шопоков мэриясы ачык сынак жарыялайт