Cокулук районунун Шопоков шаарынын мэриясынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– Административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө;

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) Соттуулугу жок;
3) 18 жаштан жаш болбоого;
4) Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Электрондук башкаруу жөнүндө»;

2) Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
– Кесиптик билимдин деңгээли:
тийиштүү багыттагы жогорку билим тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика жана менеджмент, финансы, салыктар, бухгалтердик эсеп жана аудит, техникалык, юриспруденция багытындагы);
– Стажы жана иш тажрыйбасы:
мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
-Кыргыз Республикасынын «Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө» Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика Кодексин бекитүү тууралуу” №171 Жарлыгы;
-Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын « Бюджеттик кодексин »;

-Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №25 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо;
-Кыргыз Республикасынын “Салык” Кодекси;
-Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кодекси;
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын “мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамы;
– билгичтиги:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
– коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
-өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
– көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышууну каалаган талапкерлер арызды “e-Kyzmat” kyzmat.gov.kg мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берсе болот, өтүнмөгө электрондук форматындагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет же көктөмөгө тиркеп, кагаз түрүндөгү төмөндөгү документтер тиркелет:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны, ПИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Сынактарга катышуу үчүн керектүү документтерди MMK (мамлекеттик жана муниципалдык кызмат газетасына) жалпыга маалымдоо каражатына чыккан күндөн баштап 10 жумуш күндүн ичинде аты-жөнү көрсөтүлгөн көктөмөгө тигилген документтер (Дело № папкасы) 2025-жылдын 23-сентябрынан 02-октябрына чейин Шопоков шаары, Ленин 21 дарегине тапшырылышы керек же “e-Kyzmat” kyzmat.gov.kg мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берип, өтүнмөгө электрондук форматындагы (сканерленген документтер) документтерди тиркеп жөнөтүшү керек. Телефон номери 0 (312) 5-81-81, 0553-13-10-91, саат 8:30дан 17:30га чейин дүйшөмбүдөн жумага чейинки иш күндөрү тапшыруу керек. Түшкү тыныгуу саат 12:30дан 13:30га чейин.