Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орунун ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика жана башкаруу, тейлоо сферасы, маданият жана искуство, социалдык илимдер гуманитардык илимдер, педогогикалык билим беруу, табият таануу илимдери). 2) иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексин; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 токтому менен бекитилген “Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү. көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: – жеке арызын; – кадрларды каттоо баракчасын; – өмүр баянын (соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – резюмени, сүрөтүн 2даана (3х4); – паспорттун көчүрмөсүн; – аскердик билетин; – эмгек китепче көчүрмөсү (нотариустан же акыркы иштеген жери боюнча персонналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн); – дипломдун көчүрмөсү (нотариустан же акыркы иштеген жери боюнча персонналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн); – окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы тууралуу дипломдордун көчүрмөлөрү (болсо). Талапкерлердин документтери сайтка жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күн ичинде сынактык комиссия тарабынан төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Дареги: Ош облусу, Өзгөн району, Жылалды айылы, А.Эсеналиев көчөсү 12, Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имараты. Ал эми сынак өтө турган күн талапкерлерге алдын ала кошумча билдирилет. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш тел.: 0778 09 01 00 Жазуулар боюнча багыттоо Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Өзгөн райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы