Кызыл-Кыя шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт Сынак төмөнкү этаптарды камтыйт: – мамлекеттик кызматкерлерге коюлган талаптарга ылайык конкурстун катышуучуларынын документтерин карап чыгуу; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат агенттигинде талапкерлерди компьютердик тестирлөө; – Маектешүү. * Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгый илимдер, техникалык илимдер. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. Кесиптик компетенттүүлүгү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды: Жалпы Мыйзамдарды билүү: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамы. Предметтик мыйзамдарды билүү Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси5. Кыргыз Республикасынын “Бугалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы; – билгичтиги: жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; командада иштөө: – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: – жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн; – паспорттун көчүрмөсүн; – керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт). Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, 2025-жылдын 2-октябрынан баштап, он ( 10) календарлык күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Кызыл-Кыя шаары, Асаналиева к. 17а Сурап билүү тел.: (03657) 5-05-05, +996 998924262 Жазуулар боюнча багыттоо Раззаков шаарынын мэриясы административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы жана улук тобуна кадрлар РЕЗЕРВине киргизүү боюнча КОНКУРСТУК ТАНДОО ЖАРЫЯЛАЙТ.