Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Өзгөн райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, улук кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Кадрлар резервине киргизүүгө сынак төмөнкү этаптарды камтыйт:

  1. Документтерди кароо;
  2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө компьютердик тестирлөө;
  3. Аңгемелешүү.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

Башкармалыктын бөлүм башчысы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

Мамлекеттик жана/ же муниципиалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдырын:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
  4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;
  5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”Мыйзамын;
  6. Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө”Мыйзамын;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  1. Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамын;
  2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын “Үй бүлө Кодексин”;
  4. Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгүчектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамын;
  5. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамын;
  6. Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодексин.

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана / же расмий тилдерди билүү.

– Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документ даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

– Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

Башкармалыктын башкы адиси кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

Мамлекеттик жана/ же муниципиалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын “ Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
  4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;
  5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын;
  6. Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө”Мыйзамын;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  1. Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамын;
  2. Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын “Үй бүлө Кодексин”;
  4. Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамын;
  5. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамын;
  6. Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндөгү” Кодексин.

– Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документ даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.

– Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), сүрөтү 3х4  өлчөмдө;

– таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизи жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөсү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Талапкерлердин документтери жарыянын тексти сайтка чыккан күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Дареги: Ош облусу, Өзгөн району, Өзгөн шаары, Гагарин көчөсү 2 (башкармалыктын имаратынын 3-кабаты 307-кабинет).

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрылыныздар: Тел.: (03233) 5-05-36, 0(773) 636310, 0(505) 363698